Дыйкандарга жазда 41 миң тонна күйүүчү май керек, учурда анын жарымы эле бар

Дыйкандарга жазда 41 миң тонна күйүүчү май керек, учурда анын жарымы эле бар

Быйылкы жылга 41 миң тонна май керек, анын 56% бар. Бул тууралуу бүгүн, 16-февральда Жогорку Кеңештин жыйынында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков айтты.

Жаныбеков министрлик нефтетрейдерлер менен келишим түзөөрүн белгилеп өттү.

«Жазгы талаа жумуштарына 41 миң тонна дизелдик май керек, бизде азыр анын 56% бүгүнкү күндө Кыргызстанда бар», – деди министр.

Ал эми буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов быйыл дыйкандарга 50 миң тоннага чейин күйүүчү май керек экендигин жана анын баасын дүң баадан дагы 40 тыйынга арзандатып беришээрин билдирген болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 133 жаран чакан ишкерликти өнүктүрүү үчүн грант алат

Баткенде 133 жаран чакан ишкерликти өнүктүрүү үчүн грант алат

Баткен облусунда 133 жаран ишкердикти өнүктүрүү үчүн грант алат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.  Маалыматка ылайык, кайтарымсыз жардам Министрлер Кабинети менен Дүйнөлүк банктын ортосунда жетишилген макулдашууларга ылайык берилүүдө.  Чакан жана орто бизнести колдоого багытталган кичи гранттар программасы АРИС уюму тарабынан ишке ашырылууда.  Бүгүн аталган долбоордун алкагында сынактан ийгиликтүү өткөн

Чүйдө 1 250 гектардан зыянкеч чегиртке аныкталып, чара көрүлө баштады

Чүйдө 1 250 гектардан зыянкеч чегиртке аныкталып, чара көрүлө баштады

Чүй облусунда зыянкеч чегирткелерге каршы изилдөө-мониторинг иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, адистер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Панфилов районунун Фрунзе, Курама жана Орто-Кайыңды айыл аймактарында, ошондой эле Сокулук районунун Төмөнкү Чүй

Бишкекте электр тармактар ишканасында коррупциялык схема аныкталды

Бишкекте электр тармактар ишканасында коррупциялык схема аныкталды

Бишкек электр тармактар ишканасында коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы билдирди. Тергөөнүн маалыматына ылайык, 2023-жылдан 2026-жылдын март айына чейин ишкананын жетекчилиги жана бухгалтерия кызматкерлери алдын ала сүйлөшүп алып, мамлекеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча туруктуу схеманы уюштурушкан. Аталган схемага ылайык, жасалма ведомосттор

Н.Орунтаев Таластагы жаңы сейил бактын курулуш иштерин текшерди

Н.Орунтаев Таластагы жаңы сейил бактын курулуш иштерин текшерди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарында курулуп жаткан жаңы борбордук аллеянын курулушу менен таанышты. Министрликтен билдиргендей, долбоор шаарды көрктөндүрүүгө жана тургундар үчүн заманбап эс алуу шарттарын түзүүгө багытталган. Учурда курулуш иштери белгиленген графикке ылайык активдүү жүрүүдө. Долбоорго ылайык, аллеяда