Индиянын КРгы Элчиси Алок Димринин дипломатиялык миссиясы аяктады

Индиянын КРгы Элчиси  Алок Димринин дипломатиялык миссиясы аяктады

Кечээ, 15-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Индиянын КРгы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алок Димрини дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана долбоорлорду, анын ичинде КР менен Индиянын ортосундагы ѳз ара түшүнүшүү жѳнүндѳ меморандумду жана 200 млн доллар өлчөмүндө Индия Өкмөтү тарабынан берилүүчү кредиттик линиянын алкагында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Казакбаев учурда Кыргызстан менен Индиянын ортосунда достук жана ишенимдүү мамилелер түзүлүп, саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле коопсуздук тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтык түзүлгѳнүн белгилеп кетти.

Кыргыз тарап Индия менен IT-технологиялар, фармацевтика, гидроэнергетика, туризм, тоо-кен өндүрүшү, текстиль өнөр жайы, айыл чарба органикалык продукциясын өндүрүү жана билим берүү тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга кызыкдар жана даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Казакбаев Алок Димриге Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматындагы жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга Казакстандан дан экспорттоо 1,7 эсеге өстү

Кыргызстанга Казакстандан дан экспорттоо 1,7 эсеге өстү

Кыргызстанга Казакстандан дан экспорттоо 1,7 эсеге өскөнүн "Казакстан темир жолу" улуттук компаниясы билдирди. Такталган маалыматка ылайык, 2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын 19-февралына чейин тышкы рынокторго жаңы түшүмдөн 6,4 млн тонна дан экспорттолгон. Бул өткөн маркетингдик жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,7%га көп (анда 5,4 млн тонна

Бишкекте 24-февралда масштабдуу суу өчүрүү болот

Бишкекте 24-февралда масштабдуу суу өчүрүү болот

Бишкек шаарында 24-февралда ичүүчү суу кеңири масштабда өчүрүлөрүн Бишкек мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге, ошондой эле өндүрүштүк жана социалдык-тиричилик объекттерине суу берилбейт. Өчүрүү аймагы: Октябрьская көчөсү — ВБЧК — Аламүдүн дарыясы — Путепроводная көчөсү. "Бишкексууканал"муниципалдык ишканасы билдиргендей, чектөө

Ош шаарында жеке ишкерлер менен курулушчулар ортосунда нааразычылык жаралды

Ош шаарында жеке ишкерлер менен курулушчулар ортосунда нааразычылык жаралды

Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы парк аймагында жайгашкан ишкерлер соода түйүндөрүнүн демонтаждалышына байланыштуу жаңы мэр Жанар Акаевге кайрылышып, шаар башчысы кырдаалды жеринен көрүү үчүн окуя болгон жерге барды. Мэр тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге парктагы соода түйүндөрүнүн ээлери жана жаңы объекттерди куруп жаткан компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар ортодо жаралган

"Айчүрөк" соода борборунун жанындагы курулуш бузула баштады

"Айчүрөк" соода борборунун жанындагы курулуш бузула баштады

Бишкек мэриясы "Айчүрөк" соода борборунун (ЦУМ) имаратынын жанындагы металл конструкцияларды демонтаждоону баштады. Окуя болгон жерде шаардын мэри Айбек Джунушалиев өзү жүрөт. Муниципалитеттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бекитилген долбоорго туура келбеген конструкцияларды жоюунун биринчи этабы бүгүн башталды. Эске салсак, бул соода борборунун аймагындагы курулуш иштери бекитилген долбоордук чечимдерге