КР өзүн өсүмдүк майы менен толук 2026-жылы гана камсыз кыла алат

КР өзүн өсүмдүк майы менен толук 2026-жылы гана камсыз кыла алат

КР өзүн өсүмдүк майы менен толук 2026-жылы гана камсыз кыла алат. Бул тууралуу бүгүн, 16-февральда Жогорку Кеңештин жыйынында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков айтты.

Министр республика өткөн жылдардагы көрсөткүчтөргө ылайык, учурда өзүн май менен камсыздоосу өтө эле төмөн экенин айтты.

«Биз өзүбүздү өсүмдүк майы менен камсыз кылыш үчүн 2026-жылга чейин барабыз, анткени учурда өзүбүздү 20%га жетпеген көлөмдө гана камсыздай алабыз», – деди министр.

Эскерте кетсек, 2021-жылы жыл башынан бери күн карама майынын баасынын туруктуу өсүшү байкалган – январь айында литри 131 сомдон июнда 161 сомго чейин көтөрүлгөн. Мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенден кийин анын баасы сентябрга чейин (150 сом), башкача айтканда, мамлекеттик жөнгө салуу аяктаганга чейин (25-август) төмөндөй баштаган.

Өсүмдүк майынын баасы кандай өзгөрдү?

республика боюнча орточо баасы (сом/л)

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды