«Кумтөр Голд Компани» IT-системаларын киргизүү үчүн эл аралык уюмдарга тандоо жүргүзөт
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК эмгек акыларын төлөө жана адам ресурстарын башкаруу системасын киргизүү үчүн эл аралык уюмдарга тандоо жарыялайт. Бул тууралуу компаниянын сайтында айтылат.
Белгилей кетсек, кенге убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийин КГК кызматкерлери эмгек акы төлөөдө көйгөйлөр жаралганын айтышкан.
Ачык билдирүүлөрдө Кумтөрдү башкаруу кыргыз тарапка өткөндөн кийин Centerra Gold Inc. кендин кызматкерлеринин компаниянын глобалдык маалымат системаларына жана кызматтарына, ошондой эле iScala эмгек акы төлөө программасына жетүү мүмкүнчүлүгүн чектеп койгону айтылган эле.