Кумтөрдөн түшкөн акчага завод-фабрика куралы десем, президент көнгөн жок – Жапаров
Мен Кумтөрдөн түшкөн акчаны кайра иштетүүгө жумшап, завод-фабрика куралы десем, президент биринчи дыйкандарга берели деди. Бул тууралуу бүгүн, 16-февральда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Жапаров Кумтөрдөн түшкөн акчанын дээрлик көбү дыйкандарга берилип жатканын айтты.
«Мен Кумтөрдөн түшкөн акчаны кайра иштетүүгө, завод-фабрика куралы десем, президент биринчи дыйкандарга берели деди. Элдин курсагы, көңүлү тойсун деп, быйыл 176 млн долларды дыйкандарга берген атабыз», – деди Жапаров.
Ошондой эле Жапаров дыйкандарга 9 жылдын ичинде 40.7 млрд сом берилген болсо, быйыл 26 млрд сом берилип жатканын жана бул чоң сумма экенин айтты.