Кумтөрдөн түшкөн акчага завод-фабрика куралы десем, президент көнгөн жок – Жапаров

Мен Кумтөрдөн түшкөн акчаны кайра иштетүүгө жумшап, завод-фабрика куралы десем, президент биринчи дыйкандарга берели деди. Бул тууралуу бүгүн, 16-февральда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаров Кумтөрдөн түшкөн акчанын дээрлик көбү дыйкандарга берилип жатканын айтты.

«Мен Кумтөрдөн түшкөн акчаны кайра иштетүүгө, завод-фабрика куралы десем, президент биринчи дыйкандарга берели деди. Элдин курсагы, көңүлү тойсун деп, быйыл 176 млн долларды дыйкандарга берген атабыз», – деди Жапаров.

Ошондой эле Жапаров дыйкандарга 9 жылдын ичинде 40.7 млрд сом берилген болсо, быйыл 26 млрд сом берилип жатканын жана бул чоң сумма экенин айтты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды