Кыргызстанда жылына 900 млн сомго мебель чыкса, экспорт 6 млн долларды түзөт
Эгерде республикада орточо жылдык мебель буюмдарын чыгаруу 900 млн сомго жакын болсо, экспорт болгону 6 млн долларды түзөт. Мындай маалыматты Экономика министрлиги берди.
Берилген маалыматка ылайык, мебель өнөр жайы жыл сайын 800 млн сомдон 1 млрд сомго чейин продукция чыгарат, ал эми өнөр жай өндүрүшүндө анын салыштырма салмагы 0.3%ды түзөт. Ошондой эле эмерек продукциясынын орточо жылдык импорту 31 млн долларга жетет.
«Азыр республиканын территориясында мебель буюмдарын чыгаруучу 100гө жакын фабрика иштейт. Алардын көбү буйрутма менен эмеректерди жасап, дизайнерлик кызматтарды сунушташат. Белгилей кетсек, эмерек тармагындагы айрым чакан ишканалар көмүскөдө», – деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 14-февралда «Эмерек чыгаруучулар союзу» болуп түзүлгөн коомдук бирикмесинин расмий бет ачары болуп өттү. Эмерек өндүрүүчүлөр союзу ыктыярдуу, кесипкөй, коомдук, коммерциялык эмес уюм болуп, эмерек тармагындагы кризисти жеңүү жана рынок шарттарында өсүш үчүн зарыл шарттарды түзүү жана экспортту өнүктүрүү максатында 2022-жылдын январында катталган. 30га жакын мебель ишканалары бирикмеге мүчө.