Республикада 25 комбинатта 500 тоннадан 2 миң тоннага чейин ун бар – Жапаров

Республикада 25 комбинатта 500 тоннадан 2 миң тоннага чейин ун бар –  Жапаров

Республикада 25 комбинатта 500 тоннадан 2 миң тоннага чейин ун турат. Мындай маалыматты бүгүн, 16-февральда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы КР резервке 1.5 млрд сомго буудай сатып алган.

«Бүгүнкү күндө иштеп жаткан комбинаттардын саны 25тен ашты. Башында 300 киши иштеп жатса, учурда 3600дөн ашып калды. Эң оболу, ошол комбинаттарда 500 тоннадан 2 миң тоннага чейин ун турат», – деди ал.

Ошондой эле Жапаров азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн 9 кластерди ишке киргизип жатышканын жана ага 9 млрд сомду даярдап коюшканын кошумчалады.

«Биз 60 млрд сомдон ашык акчаны импортко жумшап атабыз. Азык-түлүктүн дээрлик көпчүлүгүн чет мамлекеттен алып келип, биз инфляцияны бөлөк жактан алып келип жатабыз. Инфляциянын дээрлик көпчүлүк көлөмү дээрлик импорттон келет, анткени долларга көз карандыбыз. Күйүүчү майдын баасын биз контролдой албайбыз, буудайдын баасын дагы контролдой албасак, нан кымбат боло берет», – деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жапаров азык-түлүк коопсуздугун чечүү үчүн 5 жылдык стратегия бекитилгенин, ага ылайык, 9 азыктын түрү боюнча 100% чечилиш керектигин айтты.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды