Улуу Британия менен КРнын ортосундагы соода жүгүртүү 2021-жылы 242 млн долларга кыскарды
Улуу Британия менен КРнын ортосундагы соода жүгүртүү 2021-жылы (январь-сентябрь) 242 млн долларга кыскарган. Бул тууралуу бүгүн, 16-февральда Жогорку Кеңештин жыйынында Экономика жана соода министринин орун басары Канат Абдрахманов билдирди.
Анын айтымында, Улуу Британия менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара соода жүгүртүү 2020-жылы 1 млрд доллардан ашкан эле.
«Бирок 2021-жылы ал 242 млн долларга чейин кыскарган. Улуу Британиядан машина жабдыктары, электр машиналары, түрдүү аппараттар импорттолот. Ал эми Кыргызстандан негизинен алтын экспорттолот», – деди ал.
Белгилей кетсек, жыйында «2017-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.
Аталган мыйзам долбоору киреше жана капиталдын белгилүү түрлөрүнө салык салуу укугун ар бир мамлекетке бекитип берүү жолу аркылуу өнөктөш өлкөлөр жана чет өлкөлөр ортосундагы өз ара салыктык мамилелерди жөнгө салууну камтыйт.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.