Январь айында мамлекеттик карызды тейлөөгө 2 млрд сом сарпталды
Январь айында мамлекеттик карызды тейлөөгө республикалык бюджеттен 2 млрд сомдон ашык каражат жумшалган. Мындай маалыматты Каржы министрлиги жарыялады.
Алсак, тышкы мамлекеттик карызды жабууга 997 млн сом, ички милдеттенмелерди жабууга 1 млрд 13 млн сом бөлүнгөн.
2022-жылдын январь айына мамлекеттик карызды тейлөө
(млн сом менен)
| Негизги сумма | Пайыздары | Башкалар | Жалпы | |
| Мамлекеттик тышкы карыз | 718.6 | 272.2 | 6.2 | 997 |
| Мамлекеттик ички карыз | 551.1 | 462.2 | — | 1 013.3 |
| Жалпы мамлекеттик карыз | 1 269.7 | 734.4 | 6.2 | 2 010.3 |