Депутаттар жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу үчүн АӨБдөн насыя алууну жактырышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) менен «КРгы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу» долбоорунун алкагындагы кредиттик жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырышты. Бул тууралуу кечээ, 16-февралда парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордун жалпы бюджети 39 млн долларды түзөт. Анын ичинен гранттык каражат – 23.5 млн доллар (долбоордун 60%), насыялык каражат – 11.5 млн доллар (долбоордун 30%). Насыя алгачкы 8 жылга 1%дан, калган 32 жылга 1.5%дан кайтарылат.

Сунушталып жаткан мыйзамдын негиздемесинде 42 айылда жер көчкү тобокелдигин азайтууга болоору белгиленүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды