КРнын жүк ташуучуларында QR-коду менен электрондук эсеп-фактурасы болбосо Казакстанда текшерүүгө кабылышат

КРнын жүк ташуучуларында QR-коду менен электрондук эсеп-фактурасы болбосо Казакстанда текшерүүгө кабылышат

КРнын жүк ташуучуларында товарларды Казакстандын аймагына жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнө экспорттоодо ташылуучу товарга карата QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактурасы болушу керек. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактуранын болушу  – автотранспорт каражаттарына Казакстандын мамлекеттик киреше комитети тарабынан контролдук-текшерүү иш-чараларын өткөрбөстөн маршрут боюнча жүрүүгө мүмкүндүк берет. Бирок ал жок болгон учурда, багыттоо пунктунда тиешелүү контролдук иш-чаралар жүргүзүлөт.

Мындай чечим Алматы шаарында өткөн КР менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 1-отурумунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынды.

Иш-чарага кыргыз тараптан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, МСКнын төрагасы Алтынбек Абдувапов, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды