Кыргызстанда эми башкаларды адилетсиз «туурагандар» айып пул төлөшөт

Кыргызстанда эми башкаларды адилетсиз «туурагандар» айып пул төлөшөт

Кыргызстанда адилетсиз атаандаштык үчүн айып пулдар киргизилди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, буга чейин КРнын мыйзамдарында адилетсиз атаандаштык үчүн жоопкерчилик каралган эмес.

2021-жылдын 1-декабрынан тартып КРнын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин киргизилиши менен кара ниет атаандаштык үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

Ошол эле учурда жеке ишкерлер (кызматкерлерди жалдоо укугу бар) юридикалык жак катары жоопкерчиликке тартылышат.

Адилетсиз атаандаштык дегенде эмнени түшүнсө болот?
  • товарларды же анын бөлүктөрүн көчүрүү, аларды техникалык колдонуу менен гана шартталган учурларды кошпогондо, башка чарба жүргүзүүчү субъекттин товарларын, ошондой эле анын таңгагынын формасын жана тышкы жасалгасын уруксатсыз көчүрүү
  • башка субъекттин продукциясын анын патенттик мыйзамдарын бузуу менен ага окшотуп кайра өндүрүү
  • башка чарба жүргүзүүчү субъекттин иши менен чаташтырууга алып келиши мүмкүн болгон башка бирөөнүн товардык белгисин, тейлөө белгисин, товар чыгарылган жердин аталышын, фирмалык аталышын мыйзамсыз пайдалануу
  • интеллектуалдык иштин натыйжаларына болгон укуктарын бузуу менен товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү же башка чарба жүргүзүүчү субъекттин продукциясын өндүрүү, сатуу жана рынокко башка ат менен киргизүү (мыйзамсыз пайдалануу) ж.б.у.с.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды