Жер семирткичтерди сатып алууга бюджеттен 975 млн сом бөлүндү – Кыргызстан өзү өндүрбөйт

Жер семирткичтерди сатып алууга бюджеттен 975 млн сом бөлүндү – Кыргызстан өзү өндүрбөйт

Минералдык жер семирткичтерди сатып келүү максатында республикалык бюджеттен 975.4 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Минералдык жер семирткичтердин керектелүүчү көлөмүн камсыз кылуу максатында 30 миң тонна жер семирткичти сатып келүү үчүн республикалык бюджеттен 975.4 млн сом акча каражаты бөлүндү.

Берилген маалыматка ылайык, 2021-жылга республиканын айыл чарбасынын минералдык жер семирткичтерге болгон болжолдуу муктаждыгы 266.7 миң тоннаны түзүп, бирок республикага 139.1 миң тонна гана жер семирткичкер алынып келинген. Рыноктун муктаждыгы толук камсыз болбогондугунан улам 2021-жылы жер семирткичтерге болгон баа кескин өсүп кеткен.

2022-жылга карата айыл чарбасынын минералдык жер семирткичтерге болгон керектөөсү 268.6 миң тоннаны түзөт деп болжолдонууда, анын ичинен азоттук жер семирткичтер 146.9 миң тонна, фосфордук жер семирткичтер 104.5 миң тонна, калийдик жер семирткичтер 17.2 миң тонна.

Эскерте кетсек, буга чейин Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Кыргызстан бир дагы кг минералдык жер семирткич өндүрбөй тургандыгын, республика толугу менен импортко көз каранды экендигин айткан эле.

Министр жер семирткичтердин негизги бөлүгү – 85-87% Өзбекстандан, ал эми фосфордук, аммофос, калийдик жер семирткичтер болсо Россиядан жана Казакстандан келээрин белгилеген.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды