Кыргызстанда бир балага жөлөк пулдун өлчөмү 810 сомду түзөт – өтө аз

Кыргызстанда бир балага жөлөк пулдун өлчөмү 810 сомду түзөт – өтө аз

Кыргызстанда ар айлык жөлөк пулдун өлчөмү 810 сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-февральда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жөлөк пулдун бир канча түрү бар:

  • Балага сүйүнчү. Бул бир жолку төлөм. Толук автоматташтырылган жана бирдиктүү терезе аркылуу жүргүзүлөт. 2 күндүн ичинде берилет.
  • Үй-бүлөгө көмөк. 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө ар айлык жөлөк пул.
  • Социалдык жөлөк пул. Пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөк пул катары берилет
  • ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, балдар, ата энеси каза болгон балдар, улгайган жарандар, баатыр энелерге берилчү жөлөк пулдар.

Базарбаев учурда 110 миң үй-бүлөгө, тагыраак айтканда, 364 миң балага жөлөк пул берилип келээрин жана кепилденген кирешенин эң төмөн өлчөмү тууралуу айтып берди.

«Үй-бүлөгө көмөк боюнча 16 жашка чейинки балдарга ар айлык жөлөк пулдун өлчөмү 810 сомду түзөт. Кепилденген кирешенин эң төмөн өлчөмү 1000 сомду түзөт», – деди министр.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жашоо минимумунун өлчөмү 6383 сомду түзөт.

Аймактардагы жашоо минимуму

(адам башына орточо эсеп менен алганда, айына сом менен, 2020-2021)

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды