Ош мэриясы Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүп жаткан компанияга 132 млн сом карыз

Ош мэриясы Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүп жаткан компанияга 132 млн сом карыз

Ош шаардык мэриясы Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери боюнча курулушту аткарып жаткан компанияга 132 млн сом карыз. Бул тууралуу жергиликтүү t-media.kg маалымат порталы жазды.

Айтылган маалыматка ылайык, жергиликтүү бийлик ал үчүн республикалык бюджеттен 100 млн сом каражат сурап жатат.

Ак-Буура дарыясын жээгин көрктөндүрүү иши 2020-жылы пандемия учурунда башталган. Ошол убакта курулуш мурдагы мэр Таалайбек Сарыбашовдун жеке демилгеси деп айтылган. 

Көрктөндүрүү иштеринин биринчи этабына 120 млн сом бөлүнгөн. Бул каражаттын эсебинен курулуштун  35-40%ы гана аяктаган. Долбоордун сметалык баасы 250 млн сом болгон. Эми Ош мэриясы калган каражатты төлөө үчүн республикалык бюджеттен акча сурап жатат. Эгер каражат бөлүнсө курулуш компанияга төлөп берет.

Жакында болсо мэрия Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүүнүн экинчи этабын баштоо алдында турат. Ал үчүн Дүйнөлүк банктан каражат сурап жатат.

Дарыянын жээгин көрктөндүрүү долбоорун тендерден «Капитал Курулуш» ЖЧКсы уткан. Компания расмий түрдө ошол учурда Кыялбек Мадишов, Канатбек Кадаев жана Баялы Апсаттаров атуу үч адамга катталган. Апсаттаров муну менен эле кошо ишкер «Кыргыз Каганат» ЖЧКСынын Оштогу филиалынын жетекчиси. Анын негиздөөчүсү «Кыргыз Каганат» ЖЧКсы.

Ак-Буурадагы ири курулуш эки жыл аралыгында ишке ашырыла турган болгон. Анын жалпы баасы 251 млн 893 миң 814 сом. Бул Ош шаарынын бюджетинин төрттөн бир бөлүгү деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды