Социалдык фонддун планы 2021-жылы 111%га аткарылды

Социалдык фонддун планы 2021-жылы 111%га аткарылды

Социалдык фондунун жалпы кирешеси 2021-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча 62 571 млн сомду түздү. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы кабарлады.

Бул такталган бюджеттен 100.5 %га көп. 2020-жылга аткарылган бюджетке салыштырмалуу 6 .5 млн сомго же 111.6%га көбүрөөк.

38.3 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүнөн түшкөн. 2020-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйналышы 5.2 млн сомго же 115.7%га өскөн.

Аскер кызматчыларынын пенсиялык төлөмдөрүнө, жеңилдетилген пенсияларды, пенсияларга үстөк акыларды төлөөгө жана электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү бөлүнүүчү каражаттар 23.8 млн сом суммасында түшкөн.

Социалдык фонд туумдардан жана айыптардан, Социалдык фонддун эсептериндеги күнүмдүк калдыктарга пайыздардан, дивиденддерден  ж.б. булактардан 365 млн сом киреше алган.

Алдын ала маалыматтар боюнча 2021-жылы Социалдык фонддун жалпы чыгымдары 60 807.9 млн сомду түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 4 171.9 млн сомго көп.

2021-жылы пенсияга керектелген 50 819.4 млн сом толук көлөмдө каржыланды. 2022-жылдын 1-январына карата пенсия төлөө боюнча карыздар жок. 2020-жылга салыштырмалуу пенсия төлөөгө керектелүүчү сумма 2 960.4 млн сомго көбөйгөнүн Соцфонддон билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды