МСК бизнести ЕАЭБге товарларды электрондук эсеп-фактура менен экспорттоого чакырат

МСК бизнести ЕАЭБге товарларды электрондук эсеп-фактура менен экспорттоого чакырат

Мамлекеттик салык кызматы (МСК) бизнести ЕАЭБ өлкөлөрүнө электрондук эсеп-фактура менен товарларды экспорттоого чакырды.

МСКнын төрагасы Алтынбек Абдувапов Алматы шаарында КР менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 1-отурумундагы кол коюлган документтердин бирине ылайык, кыргызстандык жүк ташуучулар товарларды Казакстан аймагына жана ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөргө экспорттоодо ташылуучу товарга карата QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактурасы болушу керектигин айтты.

ЭЭФнын болушу автотранспорт каражаттарына Казакстан аймагындагы контролдук-текшерүү жол-жоболорун болтурбоо мүмкүндүгүн берет.

«Бул биздин жүк ташуучулардын жолун жеңилдетет, анткени алар  бир нече саат бою чек арада туруп, текшерүүдөн өтпөйт. Ошондуктан, QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактураны алып жүрүү алардын кызыкчылыгы үчүн болот. Экинчиден, бул бир дагы контрабандалык жүк Кыргызстандын аймагына да, Казакстан тарапка да өтпөйт дегенди билдирет», – дейт ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды