Улуттук банк ички рынокто бир дагы аффинаждалган алтын куймасын сата элек

Улуттук банк ички рынокто бир дагы аффинаждалган алтын куймасын сата элек. Бул тууралуу vesti.kg регулятордун берген маалыматына таянып жазды.

Эскерте кетсек, УБ 1-февралдан тартып, 12 килограммдан 13 килограммга чейинки алтын куймаларын сатыкка койгон. Эң кичине куймасынын баасы – 58 млн сом (12.3 кг) болсо, эң чоңу – 64 млн сомдон (13 кг) ашат. Бирок жөнгө салуучу эч бир куйма сатыла электигин билдирген.

Аффинаждалган алтын куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан 10 900 граммдан 13 400 граммга чейинки салмакта даярдалган жана куйманын лигатурдук салмагынын кеминде 99.95%ын химиялык таза металл түзөт. 

Кошумча окуңуз: Улуттук банк 12 кг алтын куймаларын сатып баштады. Бир куймасы канча турат?

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды