Жылдын аягына чейин Бишкекте таштанды сорттоочу завод курулат – вице-мэр

Жылдын аягына чейин Бишкекте таштанды сорттоочу завод курулат – вице-мэр

Жылдын аягына чейин Бишкекте таштандачы сорттоочу завод курулат. Бул тууралуу бүгүн, 21-февральда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Максат Сазыкулов билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын III кварталына чейин заводдун курулушу аяктайт.

«Быйыл жылдын аягына чейин таштандачы сортточу завод курулуп калат. Ал заводду курууга 280 млн евро акча каралган, бул анык, учурда ЕРӨБдүн эсебинде турат», – деди ал.

Белгилей кетсек, заводдун курулушу ЕРӨБдүн долбоору менен каржыланат. Бюджети 22 млн еврону түзөт, анын ичинен 11 млн доллары жеңилдетилген насыя түрүндө, 3 млн доллары болсо – атайын грант түрүндө берилет. Калган 8 млн доллар – Борбордук Азия үчүн инвестициялык фондунун Европа Биримдигинин гранты болуп эсептелет.

  • Бирок вице-мэр заводдун курулушуна 280 млн евро бөлүнөт деген маалыматты айтты.

Кошумча окуңуз: Бишкектеги таштандыларды сорттоочу заводдун курулушуна тендер март айында жарыяланат – бюджет 22 млн евро

Таштанды полигонун рекультивациялоого 10.5 млн евро сарпталган, бирок эч бир иш жасалбаган – мэрия

Эстониялык компания Бишкектеги таштанды полигонун жабуу жана калыбына келтирүү иштерин баштайт

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды