Дедолларизация программасы ишке ашса, чет элдик валютанын керексиздиги пайда болот – Думан Рыскулов

Дедолларизация программасы ишке ашса, чет элдик валютанын керексиздиги пайда болот – Думан Рыскулов

Бүгүн, 16-мартта Бишкекте «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форум өтүүдө. Форумда КРнын экономикасы, кризис, валютанын наркы, агрардык өнөр жай тармагындагы абал, геосаясий кырдаал жана жаңы мүмкүнчүлүктөр туурасындагы темалар ортого коюлду.

Форумдун алкагында, «Альянс» акча алмаштыруу бюролор Ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов учурдагы кырдаалдын таасиринде калган улуттук валютанын абалы жана буга чейинки кризистер тууралуу сөз кылды.

«Көптөгөн дүйнөлүк жана ички саясий кризистерди башыбыздан өткөрүп, көптөгөн тобокелчиликтерге кабылганбыз. 2008-жылдагы дүйнөлүк кризисте сомдун наркы 20 сомго төмөндөгөн. 2014-жылы доллар 60 сомдон 75 сомго көтөрүлгөн. 2020-жылы пандемия учурунда болсо, 85 сомго чейин барып, баасы турукталган болчу. Азыркы күндө абалды туруктуу деп эсептесек болот, бирок учурда  кандайдыр бир паника бар деп айтууга болот. Доллар 100 сомдон ашып кеткенде психологиялык реакция пайда болуп, жарандар өзүнүн сактаган каражаттарына керектүү-керектүү эмес нерселери сатып ала башташты», – дейт ал.

Белгилүү болгондой, республиканын аймагындагы бардык товар жүгуртүү улуттук валютада болуш керек. Анын айтымында, дедолларизация доллардын наркынын жогорулашына өбөлгө болот.

«Буюрса, дедолларизация боюнча программаларыбыз ишке ашса, чет элдик валютанын керексиздиги пайда болот. Бүгүн доллар 106 сомдон 104 сомго түштү. 2008-2014-2020-жылдары деле мындай көрүнүш болгон, азыр Улуттук банктын саясатын деле колдошубуз керек, анткени алар доллардын кескин түрдө көтөрүлүп кетишин интервенция аркылуу текшилеп турушат», – деген Рыскулов учурда кандайдыр бир божомолдорду берүүгө азырынча эрте экенин айтат.

«Гео-саясий абал өтө жакшы эмес. Мезгилге жараша ишкерлер тиешелүү чечимдерди кабыл алып, белгилүү бир иммунитетти иштеп чыгабыз деген ойдомун», – дейт ал.

Мындан тышкары окуңуз

Баткендеги катуу шамалдын кесепети 16 млн сом чыгымга учуратты

Баткендеги катуу шамалдын кесепети 16 млн сом чыгымга учуратты

27-июнда Баткен шаарында, ошондой эле Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында катуу шамал болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 27–28 метрге чейин жетти. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынын кесепетинен айрым турак үйлөрдүн жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркап, башка материалдык чыгымдар

Нарындагы мыйзамсыз курулган тосмолор буздурулууда

Нарындагы мыйзамсыз курулган тосмолор буздурулууда

Нарын шаарынын Жаңы Жол чөлкөмүндө мыйзамсыз тосулуп алынган жер аянттарын кайтарып алуу максатында дубал тосмолор жана сарайлар бузулууда. Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматынын айтымына караганда, “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо” жөнүндөгү президенттин 109 -Жарлыгынын алкагында мыйзамсыз курулуштарды аныктоо, бузуу боюнча жарандарга билдирүүлөр да

Кыргызстан менен Пакистан соода-экономикалык  долбоорлорду ишке ашырат

Кыргызстан менен Пакистан соода-экономикалык долбоорлорду ишке ашырат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Пакистандын Лахор шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу менен жолугушту. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды. Пакистан тарап Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, артыкчылыктуу тармактары жана инвесторлор үчүн каралган мамлекеттик колдоо чаралары менен таанышты. Равшанбек Сабир

“Кыргыз Петролеум Компаниясын” жаңылоого 409,9 млн доллар каралган

“Кыргыз Петролеум Компаниясын” жаңылоого 409,9 млн доллар каралган

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Манас шаарында өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май маселелерине байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана мунай менен иш алып барган бир катар жеке компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, отурумда негизинен “Кыргызнефтегаз”