Экономика министрлиги банктык аманаттарды коргоону күчөтүүнү сунуштоодо

Экономика министрлиги банктык аманаттарды коргоону күчөтүүнү сунуштоодо

Экономика жана коммерция министрлиги жарандардын банктык аманаттарын коргоону күчөтүүнү сунуштап жатат.

Бүгүнкү күндө мамлекет миллион сомго чейинки өлчөмдөгү аманаттарды төлөп берүүгө кепилдик берет. Бул максатта 2008-жылдан бери аманаттарды коргоо фонду иштеп келет, ага банктар жыл сайын аманаттардын көлөмүнүн 0,2%га барабар суммасын которуп турууга тийиш.

Бирок бир нече жылдын ичинде эл акчаны көбүрөөк сала баштаган, тагыраагы, кепилденген аманаттардын көлөмү 10 эсеге, ал эми фонддогу каражаттын көлөмү үч эсеге жетпеген өлчөмдө көбөйгөн. Азыркы тапта ал депозиттин 4,3%ын гана жабат, бирок мыйзам боюнча, минималдуу чек 12%ды түзүшү керек.

Экономика министрлиги мындан улам жаңы коюмдарды бекитүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Банктын туруктуулугуна жана кабыл алынуучу тобокелдиктердин деңгээлине жараша алар жалпы депозиттик базанын 0,4-0,5% ын түзөт. 

Министрлик бул чара элдин банктарга болгон ишенимин бекемдеп, аманаттарды коргоо системасын туруктуураак кылат деп белгилейт.

Мындан тышкары окуңуз

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына толук даяр. Бул тууралуу Курулуш министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеменин курулушу 2024-жылы ноябрда башталган. Долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 124 миллион сомду түздү. Заманбап үлгүдөгү мектеп имаратынын