Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу машиналардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди

Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу машиналардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди

Бишкек – Ош унаа жолунда жүк ташуучу машиналардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөөлөр Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, «Сосновка» жана «Чычкан» постторунда киргизилген. Ал аба ырайы турукташканга чейин күчүндө болот.

Маалыматка таянсак, учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларындагы жолдордо кар көчкүсү болушу ыктымал. Ашууларда жолду тазалоого керектүү техника тартылып, машналардын коопсуз өтүүсү үчүн керектүү заттар төгүлүүдө.

Башкармалык айдоочуларды дөңгөлөк чынжырын алып жүрүүгө, каршы тилкеге чыкпоого (тыгын болгон учурда), атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого, жайкы дөңгөлөк менен жүрбөөгө жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Баткендин мэри аймактагы курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алды

Баткендин мэри аймактагы курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алды

Баткендин мэри Сейтек Кулубаев шаар аймагындагы бир катар курулуш жана инфратүзүмдүк иштердин жүрүшүн көзөмөлгө алды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, шаар башчысы Тамаша-Жай конушундагы таза суу менен камсыздоо, Чет-Булак аймагындагы көпүрөнүн курулушу, Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан суу кампасы жана базардын айланасын иретке

Кел-Суу көлүндө экологиялык талаптарды бузгандарга чара көрүлдү

Кел-Суу көлүндө экологиялык талаптарды бузгандарга чара көрүлдү

Нарын облусундагы Кел-Суу көлүндө экологиялык талаптарды бузгандарга 5 протокол түзүлүп, жалпы 22 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө айрым кайыктардын моторлорунан айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды чыгаруу, ошондой эле жайыттарга унаалар менен башаламан кирип, өсүмдүктөрдү тебелеп-тепсөө

Кантта унаа башкаруу укугунан ажыратылган айдоочу рулда кармалды

Кантта унаа башкаруу укугунан ажыратылган айдоочу рулда кармалды

Кант шаарында алдын алуу иш-чарасы учурунда унаа башкаруу укугунан ажыратылган айдоочу рулда аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүдө Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун документтерин текшеришкен. Жаран айдоочулук күбөлүгүн үйүндө калтырганын айткан. Кызматкерлер заманбап планшет аркылуу маалыматтарды текшеришип, айдоочунун

Чет өлкөлүк жарандарга 1,4 миллион сомдон ашык айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 1,4 миллион сомдон ашык айып пул салынды

Бишкекте миграциялык мыйзамдардын сакталышын текшерүү боюнча “Нелегал” рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. УКМКнын маалыматына ылайык, 5-19-августта 156 чет өлкөлүк жаран милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Жыйынтыгында 97 административдик протокол түзүлүп, 1 млн 148,5 миң сом айып пул салынган. 20-августта өткөн “Нелегал Мото-курьер” рейдинде 48 чет өлкөлүк