Дүйнөлүк банк ӨКМга 58 өрт өчүрүүчү унаа алып берди

Дүйнөлүк банк ӨКМга 58 өрт өчүрүүчү унаа алып берди

Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) 58 өрт өчүрүүчү унаа алынып келинди. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Бул Дүйнөлүк банктын «Табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» ERIK долбоорунун алкагында ишке ашкан.

Эскерте кетсек, атайын техниканын биринчи партиясы Кыргызстанга 2021-жылдын декабрь айында келген.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук тамактануучу жайлардан түшкөн салыктар 60%га өстү

Ошто коомдук тамактануучу жайлардан түшкөн салыктар 60%га өстү

Ош шаарында коомдук тамактануучу жайларга фискалдык система киргизилгенден кийин салыктар 60%га өстү. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, пилоттук долбоор ушул жылдын март айынан тартып Бишкек, Манас жана Ош шаарларында бир учурда ишке киргизилген. Долбоордун негизги максаты — коомдук тамактануу тармагын толук санариптештирүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу. Салык кызматынын

Бишкекте жаш жубайлар үйлөнүү тоюнун урматына көчөт отургуза алышат

Бишкекте жаш жубайлар үйлөнүү тоюнун урматына көчөт отургуза алышат

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы "GREEN AIR" компаниясы менен биргеликте "Жаңы үйлөнгөндөргө бак отургузуу" аттуу экологиялык долбоорду баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Долбоор жаңы үйлөнгөн жубайларга үйлөнүү тоюнан кийин өз үй-бүлөсүнүн символу катары бак отургузууга мүмкүнчүлүк берет. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, бул

Түп районуна 71,7 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Түп районуна 71,7 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол инфраструктурасын өнүктүрүү багытында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. 2026-жылы бекитилген планга ылайык жалпысынан район боюнча 71,7 чакырым жолго асфальт төшөө иштери пландалган. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мааалымат кызматынын айтымына караганда, Талды-Суу – Арал унаа жолунун 10 чакырымына  асфальт төшөө жумуштары башталды.

Мамлекеттик кызматтарды тездетүү боюнча 100 күндүк реформа башталды

Мамлекеттик кызматтарды тездетүү боюнча 100 күндүк реформа башталды

29-июнда "Ынтымак Ордо" резиденциясында өткөн жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 100 күндүк реформалар расмий түрдө башталганын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Жаңы демилгелер мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санарипке өткөрүүгө жана кагаз иштерин азайтууга багытталган. Биринчи этапта финансылык институттардагы күрөөнү алып салуу иштерин жөнөкөйлөтүү каралууда.