Кыргызстан экономиканы турукташтырууга 5.5 млрд сом жумшайт – Россиянын Украинага чабуулунун кесепети

Кыргызстан экономиканы турукташтырууга 5.5 млрд сом жумшайт – Россиянын Украинага чабуулунун кесепети

Кыргызстандын өкмөтү экономиканы турукташтыруу планын иштеп чыгып, кризиске каршы иш-чараларга бюджеттен 5.5 млрд сом бөлүүнү планоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирген.

Парламентте өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы боюнча Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев докладында Россияга киргизилген санкциялар Кыргызстандын экономикасына кыйыр түрдө таасирин тийгизип жатканын билдирди.

«Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы кымбаттады, анын бир баррелинин баасы 130 долларды түздү, азык-түлүктүн, чийки заттардын кымбаттаганы да байкалууда. Кыргызстанда сомдун башка валюталарга карата курсунун өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүккө болгон баанын кескин кымбатташына жол бербөө, калктын социалдык аялуу катмарына жардам көрсөтүү жана чет элдик валютада насыя алгандарды колдоо боюнча чаралар көрүлүүдө», – деди Амангелдиев.

Мындан тышкары окуңуз

Баткендин мэри аймактагы курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алды

Баткендин мэри аймактагы курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алды

Баткендин мэри Сейтек Кулубаев шаар аймагындагы бир катар курулуш жана инфратүзүмдүк иштердин жүрүшүн көзөмөлгө алды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, шаар башчысы Тамаша-Жай конушундагы таза суу менен камсыздоо, Чет-Булак аймагындагы көпүрөнүн курулушу, Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан суу кампасы жана базардын айланасын иретке

Кел-Суу көлүндө экологиялык талаптарды бузгандарга чара көрүлдү

Кел-Суу көлүндө экологиялык талаптарды бузгандарга чара көрүлдү

Нарын облусундагы Кел-Суу көлүндө экологиялык талаптарды бузгандарга 5 протокол түзүлүп, жалпы 22 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө айрым кайыктардын моторлорунан айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды чыгаруу, ошондой эле жайыттарга унаалар менен башаламан кирип, өсүмдүктөрдү тебелеп-тепсөө

Кантта унаа башкаруу укугунан ажыратылган айдоочу рулда кармалды

Кантта унаа башкаруу укугунан ажыратылган айдоочу рулда кармалды

Кант шаарында алдын алуу иш-чарасы учурунда унаа башкаруу укугунан ажыратылган айдоочу рулда аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүдө Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун документтерин текшеришкен. Жаран айдоочулук күбөлүгүн үйүндө калтырганын айткан. Кызматкерлер заманбап планшет аркылуу маалыматтарды текшеришип, айдоочунун

Чет өлкөлүк жарандарга 1,4 миллион сомдон ашык айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 1,4 миллион сомдон ашык айып пул салынды

Бишкекте миграциялык мыйзамдардын сакталышын текшерүү боюнча “Нелегал” рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. УКМКнын маалыматына ылайык, 5-19-августта 156 чет өлкөлүк жаран милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Жыйынтыгында 97 административдик протокол түзүлүп, 1 млн 148,5 миң сом айып пул салынган. 20-августта өткөн “Нелегал Мото-курьер” рейдинде 48 чет өлкөлүк