Минкаб импорттолуучу кумшекердин жана өсүмдүк майынын КНС ставкасын нөлгө түшүрдү

Министрлер кабинети импорттолуучу кумшекердин жана өсүмдүк майына КНСтин ставкасын нөлгө түшүрдү. Бул тууралуу кабинеттин маалымат кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмесин өткөрүп, анда 14 маселе каралды.

Минкабдын чечимине ылайык, 2022-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин КРга импорттолуучу кумшекердин жана рафинаддалган өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленген.

Ошондой эле жыйында салык карыздарын өндүрүү тартиби жана кыйыр ыкмалардын негизинде салыктык милдеттенмелерди аныктоонун методологиясы бекитилди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Араван районунда 112 млн сомдук мектеп курулууда

Нарын менен Ошто жер силкинди

Өлкөдөгү 15 846 жеке ассистентке азык-түлүк жардамы берилди

Базар-Коргондун Кызыл-Ай айылында 78 млн сомдук бала бакча курулууда

Мирлан Урматов Кадамжай районунун акими болуп дайындалды