Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курулушу башталды

Өз күчүбүз менен Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун кура баштадык. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасында жазды.

Анын айтымында аталган темир жол 1-2 жылда Кочкорго чейин курулуп, андан ары Кара-Кечеге чейин жетет.

«30 жыл ичинде республикабызда бир метр темир жол курмак түгүл, тескерисинче, 42 чакырым жолубузду жоготуптурбуз. Албетте, өкүнүчтүү. Эми кайра узарта баштадык. Келечекте Кара-Кечеден ары Макмалга жана Жалал-Абадка жеткирип, бириктиребиз. Ошентип «Түндүк-Түштүк» темир жолун ачабыз», –  дейт Жапаров.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Араван районунда 112 млн сомдук мектеп курулууда

Нарын менен Ошто жер силкинди

Өлкөдөгү 15 846 жеке ассистентке азык-түлүк жардамы берилди

Базар-Коргондун Кызыл-Ай айылында 78 млн сомдук бала бакча курулууда

Мирлан Урматов Кадамжай районунун акими болуп дайындалды