«Golden Stroy» курулуш компаниясына айып пул салынды

«Golden Stroy» курулуш компаниясына айып пул салынды

КРнын «Жарнама жөнүндө» Мыйзамын бузгандыгы үчүн «Golden Stroy» курулуш компаниясына айып пул салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдиргенине караганда, КРнын «Жарнама жөнүндөгү» Мыйзамын Golden Stroy ЖЧКсы батирлердин баасын онлайн калькуляторун АКШ долларында жайгаштыруу боюнча бузган жана бул факт аталган мыйзамдын 5-беренесинин 11-бөлүгүнө каршы келет.

Жыйынтыгында, талаптагыдай эмес жарнамасы үчүн Golden Stroy курулуш компаниясына карата КРнын укук бузуулар жөнүндөгү Кодексинин 404-беренесине ылайык, жаза-чарасын салуу жөнүндө токтом чыгарылган.

Мындан тышкары окуңуз

Чаткалда ГЭСтер каскадын куруу долбоору башталды

Чаткалда ГЭСтер каскадын куруу долбоору башталды

Бүгүн, Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында Чаткал районундагы ГЭСтер каскадын куруу иштерине старт берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиршти. Маалымака ылайык, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Чаткал ГЭС каскад долбоорунун илимий жетекчиси Акылбек Жапаров, Чаткал районунун акими Алтынбек Сенирбаев, Кытайдын “SINOMACH” компаниясынын өкүлдөрү

Нарын – Баетов унаа жолунда асфальт төшөө уланууда

Нарын – Баетов унаа жолунда асфальт төшөө уланууда

Нарын – Баетов унаа жолунун бир нече чакырымдарында курулуш иштери активдүү жүрүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министелигинен билдиришти. Бүгүнкү күнгө карата: * 8-13-чакырымга чейинки тилкесинде экинчи катмар асфальт төшөлүп жатат. * 84-115-чакырымга чейинки тилкенин 11.7 чакырымына биринчи катмар асфальт басылып, калган тилкеде жер иштери жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу процесси жүрүүдө. * 99-102 чакырымдын

Кыргызстанда тарыхый-маданий эстеликтерди паспорттоштурууга 13,6 млн сом жумшалат

Кыргызстанда тарыхый-маданий эстеликтерди паспорттоштурууга 13,6 млн сом жумшалат

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча республикалык инспекция республикалык маанидеги тарыхый-маданий эстеликтерди, ошондой эле Чүй жана Баткен облустарындагы археологиялык эстеликтерди паспортизациялоо боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы билдирүүгө ылайык, сатып алуу ыкмасы — чектөөсүз. Пландалган сумма 13 млн 681 миң 900 сомду түзөт. Төмөнкү

Быйыл 3 айда ИДП 10,1%га, эмгек акы 5,6%га өстү – А.Козубеков

Быйыл 3 айда ИДП 10,1%га, эмгек акы 5,6%га өстү – А.Козубеков

Өлкөбүздө экономикалык жигердүүлүк жетишээрлик жогорку деңгээлде сакталып жатканын бүгүн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын берген маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Ички дүң продукция (ИДП) 10,1%га өскөн. "Өсүш экономиканын бардык секторлорунда байкалууда. Ошондой эле экономикалык жигердүүлүктүн өсүшү ички суроо-талаптын