Кыргызстанда 22 араб жана 7 түрк өлкөсүнүн катышуусунда бизнес-форум уюштуруу пландалууда

Кыргызстанда 22 араб жана 7 түрк өлкөсүнүн катышуусунда бизнес-форум уюштуруу пландалууда

Кыргызстанда 22 араб жана 7 түрк өлкөсүнүн катышуусунда бизнес-форум уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров Түрк-араб өлкөлөрүнүн кызматташтык ассоциациясынын президенти Сабухи Аттар менен жолугушуу учурунда айтылды.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Равшан Сабиров TURAP Түрк-араб өлкөлөрүнүн кызматташтык ассоциациясынын президенти, Тунис Республикасынын Измир шаарындагы ардактуу консулу Сабухи Аттар башчылыгындагы түрк ишкерлерин кабыл алды.

«Өз кезегинде Сабухи Аттар КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн баалоо максатында атайын жумушчу сапар менен келгенин айтып, алдыдагы убакытта 22 араб өлкөсү жана 7 түрк өлкөсүнүн катышуусунда Кыргызстанда бизнес-форум жана жарманке уюштурууну пландап жатышканын билдирди», – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Сабухи Аттар Равшан Сабировду 20-24-июнь аралыгында Стамбулда өтүүчү TURABEXPO эл аралык жарманкесине чакырды.  

Мындан тышкары окуңуз

Кырчында 90 бейтапка ылайыкталган мобилдүү госпиталь даярдалды

Кырчында 90 бейтапка ылайыкталган мобилдүү госпиталь даярдалды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган Кырчын жайлоосунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мобилдүү госпиталы жайылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Мобилдүү госпиталь 21 унаадан жана 31 чатырдан турат. Анда хирургиялык операция жасоочу жай, УЗИ жана рентген аппараттары, лаборатория, реанимобиль жана мобилдүү дарыкана каралган. Госпиталь күнүнө 150 бейтапты амбулатордук кабыл алууга, 20га чейин

Ысык-Көлдөн жыл башынан бери 840 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн жыл башынан бери 840 кг таштанды чыгарылды

2026-жылдын башынан бери Ысык-Көлдүн акваториясында жалпысынан 55 рейддик иш-чара өтүп, анын жүрүшүндө 36 500 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор (365 даана) жана 840 килограммга жакын таштанды чыгарылды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, рейддин негизги максаты — Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, суу

Кырчын жайлоосундагы мал союучу жайлар текшерилди

Кырчын жайлоосундагы мал союучу жайлар текшерилди

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында Кырчын жайлоосунда ветеринардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы билдирди. 27-августта кызматтын Ысык-Көл облусундагы регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Садыр Аке айыл аймагындагы этношаарчада жайгашкан эки убактылуу мал союучу жайдын ишмердүүлүгүн текшеришти. Мындан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларынан, жети облустан келген

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр