Министрлер кабинети 126 млрд сомдук антикризистик планды бекитти

Министрлер кабинети 126 млрд сомдук антикризистик планды бекитти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча Антикризистик комитеттин жыйынын өткөрүп, анда 2022-жылга Антикризистик чаралардын планы кабыл алынганын кабинеттин маалымат кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, планга киргизилген чаралар 7 багытка топтолгон:

1. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана артыкчылыктуу товарларга бааны турукташтыруу боюнча чаралар

2. Социалдык колдоо жана иш менен камсыз кылуу чаралары

3. Финансылык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар

4. Ишкер субъекттерин колдоо чаралары

5. Инвестицияларды тартуу боюнча чаралар

6. Товар жүгүртүүнү жогорулатуу боюнча чаралар

7. Мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар.

Бул Планды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансылык каражаттардын көлөмү болжол менен 126 млрд сомду түзөт.

Планда дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү, жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүдө дыйкандарды үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоого көмөк көрсөтүү, ирригациялык курулуштарды оңдоого жана калыбына келтирүүгө каражат бөлүү каралган.

Ошондой эле Жапаров 2022-жылдын алгачкы эки айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын реалдуу өсүү темпи 102%ды түзгөнүн билдирди.

«Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын соңунда башталган дүйнөдөгү геосаясий абалдын кескин чыңалуусу артыкчылыктуу максаттарды жана милдеттерди кайра карап чыгуу зарылдыгын шарттады. Өлкөдөгү социалдык-экономикалык туруктуулукту тез арада камсыз кылууга багытталган чечимдер ыкчам кабыл алынды», – деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле кабыл алынган чаралардын планы дүйнөлүк экономикалык системадагы өзгөрүүлөрдөн улам келип чыккан тышкы терс факторлордун таасиринин өсүшү шартында калкка жана бизнеске мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө багытталгандыгын белгиледи.

Социалдык жактан маанилүү товарларга баалардын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө жана аны жайгаруу үчүн товардык интервенциялар жүргүзүлөт. Ал үчүн өлкөнүн мамлекеттик материалдык резервине азык-түлүктү өз убагында сатып алуу камсыз кылынат. 

Өндүрүш тармагында иш алып барган чарбакер субъекттерге колдоо көрсөтүү үчүн чет элдик валютада алынган кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо мүмкүнчүлүгү, ошондой эле чет өлкөдөн негизги товарларды жана тамак-аш азыктарын жеткирүүчүлөрдү чет элдик валюта менен камсыздоо маселесин иштеп чыгуу каралууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кантта унаа башкаруу укугунан ажыратылган айдоочу рулда кармалды

Кантта унаа башкаруу укугунан ажыратылган айдоочу рулда кармалды

Кант шаарында алдын алуу иш-чарасы учурунда унаа башкаруу укугунан ажыратылган айдоочу рулда аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүдө Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун документтерин текшеришкен. Жаран айдоочулук күбөлүгүн үйүндө калтырганын айткан. Кызматкерлер заманбап планшет аркылуу маалыматтарды текшеришип, айдоочунун

Чет өлкөлүк жарандарга 1,4 миллион сомдон ашык айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 1,4 миллион сомдон ашык айып пул салынды

Бишкекте миграциялык мыйзамдардын сакталышын текшерүү боюнча “Нелегал” рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. УКМКнын маалыматына ылайык, 5-19-августта 156 чет өлкөлүк жаран милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Жыйынтыгында 97 административдик протокол түзүлүп, 1 млн 148,5 миң сом айып пул салынган. 20-августта өткөн “Нелегал Мото-курьер” рейдинде 48 чет өлкөлүк

Майлуу-Суудагы 1953-жылы курулган стадионду жаңылоо долбоору даярдалат

Майлуу-Суудагы 1953-жылы курулган стадионду жаңылоо долбоору даярдалат

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 27-августта Жалал-Абаддын Майлуу-Суу жана Кочкор-Ата шаарларына иш сапары менен барып, бир катар социалдык жана инфратүзүмдүк жыйлардын абалы менен таанышты. Алгач төрага 1953-жылы курулган Майлуу-Суу шаардык стадионун көрүп, аны жаңылоо боюнча долбоор эки айдын ичинде даярдалып, 2027-жылдын бюджетине киргизүү

Кырчында 90 бейтапка ылайыкталган мобилдүү госпиталь даярдалды

Кырчында 90 бейтапка ылайыкталган мобилдүү госпиталь даярдалды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган Кырчын жайлоосунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мобилдүү госпиталы жайылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Мобилдүү госпиталь 21 унаадан жана 31 чатырдан турат. Анда хирургиялык операция жасоочу жай, УЗИ жана рентген аппараттары, лаборатория, реанимобиль жана мобилдүү дарыкана каралган. Госпиталь күнүнө 150 бейтапты амбулатордук кабыл алууга, 20га чейин