Минкаб бюджеттик кызматкерлердин маянасын, пенсияны, жөлөкпулдарды «масштабдуу» көтөрөт – 35 млрд сом бөлүнөт

Ушул жылдын апрель айынан тартып, бюджеттик кызматкерлердин маянасы, пенсиялар, жөлөкпулдар көтөрүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кризиске каршы комитеттин жыйынында билдирди.

Министрлер кабинети Социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам аракеттенүү боюнча Кризиске каршы комитеттин жыйынында 2022-жылга антикризистик иш-чаралардын планын бекитти.

Анда Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта социалдык кызматкерлердин эмгек акысы масштабдуу көтөрүлөөрүн айтты.

«Бюджеттик кызматкерлердин эмгек акыларын, пенсияларын, жөлөкпулдарын жогорулатууга бюджеттен 35 млрд сомго жакын каражат бөлүнөт», – деди ал. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Араван районунда 112 млн сомдук мектеп курулууда

Нарын менен Ошто жер силкинди

Өлкөдөгү 15 846 жеке ассистентке азык-түлүк жардамы берилди

Базар-Коргондун Кызыл-Ай айылында 78 млн сомдук бала бакча курулууда

Мирлан Урматов Кадамжай районунун акими болуп дайындалды