Комитет Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевдин кандидатурасын жактырды

Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин жыйынында Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына көрсөтүүгө макулдук берилди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Буга чейинки орун басар Азиз Аалиев Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы кызматын ээледи.

«Ата-Журт – Кыргызстан» фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев буга чейин, «Ак жол», «Республика» жана «Өнүгүү-Прогресс» партиялары менен шайлоолорго катышып, жалпысынан Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон жана 2009-жылы Өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдөгү 15 846 жеке ассистентке азык-түлүк жардамы берилди

Базар-Коргондун Кызыл-Ай айылында 78 млн сомдук бала бакча курулууда

Мирлан Урматов Кадамжай районунун акими болуп дайындалды

Баткенде 500 млн сомдук долбоорлордун жыйынтыгы талкууланды

Барскоондо жер тилкелерин мыйзамсыз пайдалангандарга айып салынды