Салык кызматы сырага, суусундуктарга, тамеки продукцияларына товарларды маркалоо боюнча пилоттук долбоорун ишке киргизди

Салык кызматы сырага, суусундуктарга, тамеки продукцияларына товарларды маркалоо боюнча пилоттук долбоорун ишке киргизди

Салык кызматы бир катар товарларды маркалоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизгенин МСКнын маалымат кызматы кабарлады.

Пилоттук долбоорду ийгиликтүү өткөрүү максатында Салык кызматы жогоруда аталган товарларды өндүрүүчүлөргө жана импорттоочуларга main.teksher.kg сайтындагы «Товарларды маркалоо» маалыматтык системасына катталууну сунуштайт.

Маркалоо боюнча пилоттук долбоор сыра продукциясына, бөтөлкөгө куюлган (минералдык, газдалган) сууга, суусундуктарга (кант камтыган, газдалган, сергитүүчү жана энергетикалык) жана башка тамеки продукцияларына (сигаралар, сигариллалар, кальяндык, жыттоочу, чайноочу тамеки, никотин камтыган суюктуктар), ошондой эле никотинди жеткирүү түзүлүштөрүнө карата жүргүзүлөт.

Долбоорду Салык кызматы КРда маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору – «Альфа Телеком» ЖАК менен биргеликте ишке ашырат.

«Белгилей кетсек, товарларды маркалоо товардын даярдоочудан акыркы керектөөчүгө чейинки жолун байкоого жардам берет, ата мекендик бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт, калкты сапатсыз товарлардан коргойт, ошондой эле маркаланган товарларды ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө тоскоолдуксуз жеткирүүнү камсыз кылат», – деп билдирет МСК.

  • Кошумча маалыматты Мегакомдун сатуу жана тейлөө борборлорунан же (0999)33-39-99 номеринен, ошондой эле Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан («Санариптик маркалоо» бөлүмү) алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана