Имарат өзү 25 миң чарчы метрге жетет, бул 30 млн доллардын тегереги болот – президент салына турган жаңы «ак үй» тууралуу

Имарат өзү 25 миң чарчы метрге жетет, бул 30 млн доллардын тегереги болот – президент салына турган жаңы «ак үй» тууралуу

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде учурдагы өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу бир топ маалыматтарды берип жатып, жаңы салына турган «чуулгандуу ак үй» тууралуу да жооп берди.

Жапаровду азыркы иштеп жаткан орду аны толугу менен канааттандырат жана жасап кеткен иштерин, салып кеткен имараттарын келечек муун дайыма эстеп жүрсүн деген ниетте салганы жатат.

«Исхак Раззаков агабыз 1950-жылы курган экен. Ошондон бери кыргызга кызмат кылып келе жатат. 72 жыл болуптур. Мен дагы ошол кишинин жолун жолдоп, бир имарат куруп кетейин дедим. 100 жыл кызмат кылсын.

Бишкектин борбору автотыгындарга толуп кетти. Мурда Москвада тыгындарда эки-үч саат турасың дечү элек. Азыр биздин Бишкек деле кем калбай калды. Ошол үчүн биз бир эле президенттик имаратты эмес, бүтүндөй министрликтерди өйдө жакка көчүрөбүз. Бардык министрлер бир эле имаратта олтурушат. Ал имаратты биз 2023-жылы баштайбыз. Дал эле ушул президенттик имарат салынып жаткан жердин күн чыгыш маңдайына салынат.

Ошентип, күч органдарынан башка министрликтердин, өкмөттүк уюмдардын баарын борбордон өйдө жакка көчүрүп кетебиз. Буга да мамлекеттин накталай акчасы кетпейт. Министрликтердин азыркы олтурган имараттарына алмашуу жолу менен эле салып коебуз. Өзүбүздүн ата мекендик куруучулар эле салып коюшат», – дейт Жапаров.

Ошондой эле президент салына турган жердин баасы тууралуу да сөз кылып кетти.

Ал жердин базар баасы 30 млн доллардан жогору турат. Имарат өзү 25 миң чарчы метрдин тегереги салынып жатат. Бул деле 30 миллиондун тегереги болот. Кандай материалдар колдонулганына жараша баасы чыгат. Аны иш башкармалыгыбыз толук көзөмөлгө алып жатат. Салынып бүткөндөн кийин так суммасын чыгарып, айырмасын эсептешебиз.

Эч ким эч кимге бекер жер бербейт же алар бизге бекер имарат куруп бербейт. Ар бир мүлктүн эсеби бар да. Көчөдө жаткан эч нерсе жок. Бүткөндөн кийин эсептешебиз. Айырмасын чыгарабыз. Биз карыз болсок, биз беребиз. Алар карыз болсо, өкмөттүн имараты салына баштаганда ал жака салымын кошушат. Мына ушундай макулдашуу менен кетип бара жатабыз», – деди президент.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана

Таш-Көмүрдө 38,6 миллион сомго балдар көркөм мектеби курулду

Таш-Көмүрдө 38,6 миллион сомго балдар көркөм мектеби курулду

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында балдар көркөм мектеби жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мектептин курулуш иштери Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлдү. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 38,6 млн сомду түздү.  Имарат эки кабаттуу