Таш-Көмүрдө 38,6 миллион сомго балдар көркөм мектеби курулду

Таш-Көмүрдө 38,6 миллион сомго балдар көркөм мектеби курулду

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында балдар көркөм мектеби жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептин курулуш иштери Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлдү. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 38,6 млн сомду түздү. 

Имарат эки кабаттуу болуп курулуп, жалпы аянты 479 чарчы метр. Мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу жана чыгармачылык менен алектенүүсү үчүн бардык шарттар каралып, музыкалык жабдуулар менен камсыздалды.

Долбоор Таш-Көмүр шаарынын таланттуу жаштарына заманбап шарт түзүүгө жана колдоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев: "Жол тармагына каржылоо 60 млрд сомго жетти"

Адылбек Касымалиев: "Жол тармагына каржылоо 60 млрд сомго жетти"

Бүгүн, 30-октябрь – автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Майрамдык иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы сатып алынган элүүдөн ашуун атайын техниканын ачкычын тапшырды.  Министр Талантбек Солтобаев самосвал, автогрейдер, жүктөгүчтөр сыяктуу атайын техникалар тууралуу маалымат берди. Анда Адылбек Касымалиев мындай машиналар

Ишкер Media
Быйыл айыл чарбасы үчүн 12,6 млрд сомдон ашык насыя берилди

Быйыл айыл чарбасы үчүн 12,6 млрд сомдон ашык насыя берилди

Кыргызстанда 2026-жылы агроөнөр жай комплексин каржылоого 12,6 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди. 2026-жылы агроөнөр жай комплексин жеңилдетилген каржылоо боюнча 8 долбоор ишке ашырылууда. Маалыматка ылайык, кредиттердин жалпы суммасы 12 млрд 614,3

Ишкер Media
Бишкекте 2 миңге чукул көп кабаттуу үйгө жылуулук берилди

Бишкекте 2 миңге чукул көп кабаттуу үйгө жылуулук берилди

Бишкек шаарында 29-октябрда 1 870 көп кабаттуу турак үй жылытуу системасына кошулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы жылуулук системасындагы гидравликалык режимдерди жөнгө салуу жана абоненттерди жылытуу системасына бирдей шартта кошуу иштерин жүргүзүүдө. Жылуулук менен камсыздоо системасын децентралдаштыруунун алкагында № 10 кичи район толугу

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн бир күндө 3100 метр тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн бир күндө 3100 метр тор чыгарылды

29-октябрда Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы 3100 метр эски синтетикалык балык уулоочу тор жана 40 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, көлдү тазалоо иштеринин жүрүшүндө алгач 2500 метр эски тор жана 40 килограмм таштанды чыгарылган. Мындан тышкары, Жаркымбаев, Өрүктү жана Чоң Өрүктү айылдарынын аймагында браконьерликке

Ишкер Media