Президент бул жылы «Кумтөрдөн» 17 тонна алтын казуу пландалып жатканын айтты

Президент бул жылы «Кумтөрдөн» 17 тонна алтын казуу пландалып жатканын айтты

Быйыл 17 тоннанын тегерегинде алтын казып алабыз деп план коюп жатышат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат порталына курган мегинде билдирди.

Бирок президент Кумтөр боюнча азырынча кенен жооп бербей турууну туура көргөнүн, кол коюшкан келишим үч айдан кийин күчүнө кирерин айтты.

«Күчүнө кирер замат, коомчулукка баарын ачыктайм. Жашыра турган эч нерсебиз жок. Калпагыбызды көккө ыргытуу менен кол коюштук. Кыргыз эли үчүн 99% пайдалуу чечим болду. Баарын коомчулукка кийин чечмелеп берем», – деди ал.

Алтын казуу мурдагы жылдарга салыштырмалуу төмөндөп кеткендиги тууралуу маалыматтын чын төгүнүн тастыктап жатып, алтын казуу дайыма эле бир көлөмдө казылбай тургандыгын, ошондой эле казылган алтындын бир граммы да уурдалбай тургандыгын билдирди.

«Бир жерде руданын составында алтын көп болсо, бир жерде аз болот. Ошондуктан бирде көп казылса, бирде аз казылып турат. Быйыл, буюрса, 17 тоннанын тегерегинде алтын казып алабыз деп план коюп жатышат.

Бир грамм алтын уурдай алышпайт. Руда келип фабрикага түшкөндөн баштап, алтын чыгып, Кара-Балтага жеткенге чейин, андан аффинаждалып Улуттук банкка келгенге чейин, бардык жерде он катар күзөтүүлөр, онлайн камералар турат.

Андан сырткары, бир-эки эле киши катышпайт да процесске. Ар бир жерде он чактыдан киши катышып, актыларга кол коюшуп, ар бир граммын жазып, бири-бирине өткөрүп берип турушат. Ал видеолор баары архивде сакталуу болот. Азыр дагы барып, былтыркы ушул күндүн видеосун жана бардык алтындын көлөмүн карап чыксаң болот.

Ал эми сатканын Улуттук банк дүйнөлүк биржага сатып берип турат. Ал дагы архивде калат. Кайсы күнү канчадан сатты. Биржа баасы да көрүнүп турат. Кыскасы, алтын уурдалат деген арам ойдон алыс болушубуз керек. Алтындын ар бир граммы эсеп-чотто турат», – деди президент.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапарынын алкагында министр кооптуу тилкелерде курулуп жаткан тирөөч дубалдардын, селден жана тоо көчкүлөрүнөн коргоочу галереялардын, ошондой эле үч жерде салынып жаткан жол тейлөө пункттарынын курулушунун жүрүшүн

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Аялдар форумунда өлкө экономикасындагы чакан жана орто бизнестин ордун белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнес Кыргызстандын ички дүң жыйымынын 51,7%ын түзөт. Ошондой эле 823 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттин 246 миңден ашыгын