BAKAI Travel менен саякаттап, 20%га чейин кешбэкти акчалай алыңыз

BAKAI Travel менен саякаттап, 20%га чейин кешбэкти акчалай алыңыз

Саякатка чыгууну пландап жатасызбы? Эми саякатка кеткен чыгымдарыңыздын бир бөлүгүн картаңызга кайтарып алсаңыз болот. BAKAI Travel жаңы акция баштады. Анын алкагында 20%га чейин кешбэк акчалай берилет: BAKAI мобилдик банкы аркылуу авиабилет сатып алсаңыз — 10%, ал эми мейманкана брондосоңуз — дагы 10% кешбэк аласыз.

Авиабилет менен мейманкананы чогуу алуу шарт эмес. Авиабилет гана сатып алсаңыз — 10% кешбэк аласыз. Мейманкана гана брондосоңуз — 10% кешбэк аласыз. Ал эми BAKAI Travel аркылуу авиабилетти да сатып алып, мейманкананы да брондосоңуз, саякатка кеткен чыгымдарыңыздын 20%га чейинки бөлүгү картаңызга кайтарылат.

 Кыргызстандын ичинде жана чет өлкөлөргө учуңуз

Кыргызстандын ичиндеги каттамдарга, ошондой эле Азербайжанга, Өзбекстанга, Түркияга жана Кытайга авиабилет сатып алсаңыз, 10% кешбэк акчалай берилет.

Кыргызстандын каалаган шаарынан уча аласыз. Өзүңүзгө ыңгайлуу авиакомпанияны тандап, бир тарапка же барып-келүүгө билет сатып алсаңыз болот.

 Дүйнөнүн каалаган жериндеги мейманкананы тандаңыз

Мейманкана брондоо андан да оңой: өлкөлөр боюнча эч кандай чектөө жок. BAKAI мобилдик банкындагы BAKAI Travel аркылуу дүйнөнүн каалаган жериндеги мейманкананы брондосоңуз, 10% кешбэк акчалай берилет.

Түркиянын деңиз жээгинде эс алуу, Стамбулда бир нече күн өткөрүү, Кытайга сапар же Кыргызстандын ичинде саякаттоо — багытты өзүңүз тандайсыз, ал эми чыгымдарыңыздын бир бөлүгү картаңызга кайтарылат.

 Эч кандай бонустук упайлар жана татаал шарттар жок: төлөгөндөн кийин кешбэк түз эле картаңызга акчалай түшөт.

 Кешбэктин эң жогорку суммасы:

• авиабилет сатып алуу үчүн — акциянын бүткүл мезгилинде 10 000 сомго чейин;
• мейманкана брондоо үчүн — ар бир календардык айда 10 000 сомго чейин;
• бир кардар үчүн жалпы кешбэк — акциянын бүткүл мезгилинде 30 000 сомго чейин.

"Кардарга эмне керек — авиабилетпи, мейманканабы же экөө теңби — кайсынысы болбосун, анын саякатын үнөмдүү кылгыбыз келди. Ошондуктан авиабилетке да, мейманканага да кешбэк өз-өзүнчө берилет жана түз эле картага акчалай түшөт", — деп белгилейт BAKAI Travel компаниясынын башкы директору Юлия Саулина.

Сунуштан пайдалануу үчүн BAKAI мобилдик банкы → BAKAI Travel бөлүмүнө кирип, авиабилетти же мейманкананы тандап, төлөм жүргүзүү жетиштүү.

Маанилүү: бул акция боюнча кешбэк BAKAI мобилдик банкындагы BAKAI Travel аркылуу сатып алганда гана берилет. Сайт аркылуу сатып алганда кешбэк чегерилбейт.

BAKAI Travel менен саякаттаңыз, жаңы жерлерди көрүңүз жана чыгымдарыңыздын бир бөлүгүн кайтарып алыңыз.

Акция 2026-жылдын 20-сентябрын кошо алганда күчүндө болот.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media