Лейлек райондук прокуратурасы 40,1 миллион сомго курулат
Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Баткен облусунун Раззаков шаарында Лейлек районунун прокуратурасы үчүн административдик имарат курууга тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендер сунуштарды стандарттуу баалоо ыкма аркылуу өткөрүлүүдө.
Курулуштун болжолдуу баасы 40 150 662 сомду түзөт. Сунуштар 14-сентябрга чейин кабыл алынат.