Акыркы 10 күндө күйүүчү майдын литринин баасы 1.6 сомго арзандады

Монополияга каршы жөнгө салуучу мамлекеттик орган нефтетрейдерлер менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзгөндөн кийин күйүүчү-майлоочу майларга (КММ) баасынын төмөндөө тенденциясы башталган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүнкү күндө 18-апрелге салыштырмалуу КММнын литринин баасы 1.6 сомго чейин арзандады», – деп айтылат маалыматта.

Red Petroleum тармагында дизель майы 1.6 сомго, АИ-95 1 сомго арзандады. Bishkek Petroleum тармагында АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 0.6 сомго арзандаган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Акыркы беш жылда өлкөдө 5,6 миң чакырым жолго асфальт төшөлдү

Нарын районунда 150 орундуу мектептин курулушу 95%га жетти

Кыргызстанда кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү 1,4 трлн сомдон ашты

Өлкөдө эт 17,3%, сүт азыктары 13% кымбаттады

Кыргызстанга Түркмөнбашы эл аралык деңиз портун пайдаланууда жеңилдиктер болору айтылды