Кыргызстанда кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү 1,4 трлн сомдон ашты

Кыргызстанда кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү 1,4 трлн сомдон ашты

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-октябрь айларында кызмат көрсөтүү тармагынын дүң көлөмү 1 трлн 430,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,4%га өстү. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянуу менен маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, бул тармак өлкөнүн ички дүң продукциясынын өсүшүнө эң чоң салым кошуп, экономикадагы негизги багыттардын бири бойдон калууда.

Дүң жана чекене соода, ошондой эле автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо кызматтарынын көлөмү 487,3 млрд сомго жетип, 8,5%га көбөйгөн. Ал эми чекене соода 14,8% өсүш көрсөткөн. Буга калктын кирешелеринин жана керектөө кредиттеринин көбөйүшү таасир эткен. Тактап айтканда, тогуз айда орточо айлык номиналдык эмгек акы 29,4%га, керектөө кредиттери 40,4%га өскөн.

Транспорт жана жүктөрдү сактоо кызматтарынын көлөмү 118,7 млрд сомду түзүп, 4,5%га жогорулаган. Он айда транспорттун бардык түрлөрү менен 60,7 млн тонна жүк ташылып, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,4%га көп. Жүргүнчүлөрдү ташуу 8,3%га өсүп, 577,1 млн адамды түзгөн.

Мейманкана жана ресторан кызматтарынын көлөмү 60,6 млрд сомго жетип, 7,5%га көбөйгөн. Ал эми маалымат жана байланыш кызматтарынын көлөмү 68,7 млрд сомду түзгөн.

Жалпысынан кызмат көрсөтүү тармагынын ИДПдагы үлүшү 48,9%ды түзүп, экономикалык өсүшкө кошкон салымы 3,21 %дык пункт болгон.

Ошол эле учурда керектөө бааларынын индекси өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу октябрь айында 8,8%ды түзгөн. Ал эми орточо жылдык инфляция 11% деңгээлинде катталган.

Инфляциянын өсүшүнө негизинен азык-түлүк товарлары 3,07 %дык пункт, ал эми кызмат көрсөтүүлөр 2,92 %дык пункт салым кошкон.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдө эт 17,3%, сүт азыктары 13% кымбаттады

Кыргызстанга Түркмөнбашы эл аралык деңиз портун пайдаланууда жеңилдиктер болору айтылды

Өлкөдө бензин 17,6%, дизель 24% кымбаттады

Жалал-Абадда 64 жаранга мыйзамсыз пенсия чегерилгени аныкталды

Кыргызстанда бизнес үчүн этикалык кодекс киргизилет