Нарын районунда 150 орундуу мектептин курулушу 95%га жетти

Нарын районунда 150 орундуу мектептин курулушу 95%га жетти

19-ноябрда Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагындагы курулуш жана капиталдык оңдоо иштери жүрүп жаткан социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка караганда, алгач Ак-Кыя айылындагы М. Бекмуратов атындагы орто мектептин курулушун көрдү. Республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жаткан 150 орундуу мектептин курулушу 95%га аяктады.

Ошондой эле Чет-Нура айыл өкмөтүнүн имаратынын, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын, "Чоң-Эне" бала бакчасынын жана маданият үйүнүн капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мындан тышкары, Орто-Нура айылындагы Байток көчөсүнө төшөлгөн 1,2 чакырым тротуарды, Стамбек-Ата көчөсүндөгү асфальт жолду, тротуарды жана түнкү жарыктандыруу иштерин көрүп чыкты.

Бул иштердин басымдуу бөлүгү "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жатканы кошумчаланган маалыматта.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү 1,4 трлн сомдон ашты

Өлкөдө эт 17,3%, сүт азыктары 13% кымбаттады

Кыргызстанга Түркмөнбашы эл аралык деңиз портун пайдаланууда жеңилдиктер болору айтылды

Өлкөдө бензин 17,6%, дизель 24% кымбаттады

Жалал-Абадда 64 жаранга мыйзамсыз пенсия чегерилгени аныкталды