Өлкөдө эт 17,3%, сүт азыктары 13% кымбаттады

Өлкөдө эт 17,3%, сүт азыктары 13% кымбаттады

Кыргызстанда 2026-жылдын он айында азык-түлүк товарларынын баасы 7,7%га жогорулады. Инфляциянын өсүшүнө негизинен эт, сүт азыктары, жумуртка жана нан азыктарынын кымбатташы таасир этти. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, эттин баасы 17,3%га өскөн. Бул азык-түлүк товарларынын жалпы кымбаттоосунун 70%дан ашыгын түзгөн. Буга кышкы тоюттун, малды ташуунун жана багуунун чыгымдарынын көбөйүшү себеп болгон.

Ошондой эле сүт азыктары, сыр жана жумуртка 13%га кымбаттаган. Анын ичинде пастерленген сүт 22,2%га, тоок жумурткасы 18,7%га, айран 11,4%га жана каймак 10%га өскөн. Мунун негизги себептери - жайыт мезгилинин аякташы, сүттүн азайышы жана малга тоют даярдоо чыгымдарынын көбөйүшү.

Нан азыктары жана дан эгиндери 2,9%га кымбаттаган. Нандын баасы 6%га, жогорку сорттогу ундун баасы 2,8%га, биринчи сорттогу ун 1,5%га өскөн. Буга дан эгиндеринин дүйнөлүк баалары, күйүүчү май, электр энергиясы жана өндүрүш чыгымдарынын жогорулашы таасир эткен.

Ал эми мөмө-жемиштер менен жашылчалардын жалпы баасы 5,8%га төмөндөгөн. Мында мөмө-жемиштер 8,6%га кымбаттаса, жашылчалар 18,1%га арзандаган. Буга күзгү түшүмдүн ички рынокко жетиштүү көлөмдө чыгышы шарт түзгөн.

Мындан тышкары, майлар жана тоң майлар 7,3%га, кант 5,5%га, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары 8%га кымбаттаган.

Маалыматта баалардын өсүшүнө ички өндүрүштүк чыгымдар, импорттук продукциянын кымбатташы, дүйнөлүк рыноктогу баалар жана сезондук факторлор таасир эткени белгиленген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанга Түркмөнбашы эл аралык деңиз портун пайдаланууда жеңилдиктер болору айтылды

Өлкөдө бензин 17,6%, дизель 24% кымбаттады

Жалал-Абадда 64 жаранга мыйзамсыз пенсия чегерилгени аныкталды

Кыргызстанда бизнес үчүн этикалык кодекс киргизилет

Өлкөдө 453 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү