Акыркы беш жылда өлкөдө 5,6 миң чакырым жолго асфальт төшөлдү
2021–2026-жылдары Кыргызстанда транспорт тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар ири долбоорлор ишке ашырылды. Бул мезгилде өлкө боюнча 5 600 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 2026-жылы жылдык көрсөткүч 1 900 чакырымга жетти. Бул тууралуу Транспорт министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө караганда, тармактын материалдык-техникалык базасы чыңдалып, 1 344 жаңы атайын техника алынган. Ошондой эле ири темир жол жана автожол долбоорлору башталып, транспорт тармагын санариптештирүү иштери күчөтүлдү.
Бул иштер өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу