«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 5.3 млрд сом салык төлөдү

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 5.3 млрд сом салык төлөдү

Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы апрель айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 5.3 млрд сом салык төлөсө, анын 2.9 млрд сому алтынды саткан кирешеден түшкөн. Бул тууралуу компаниянын финансылык отчетунда айтылат.

Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоо үчүн «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан 313 млн 454 миң сом төлөнүп, анын ичинен:

  • Талас облусунун өнүктүрүү фондуна (50%) — 156 млн 727 миң сом
  • Талас районунун өнүктүрүү фондуна (30%) — 94 млн 36миң сом
  • Бекмолдо айылдык Кеңешинин өнүктүрүү фондуна (20%) – 62 млн 690 миң сом бөлүнгөн.

Март айына карата «Альянс Алтын» ЖЧКсында жалпысынан 693 кызматкер иштейт:

  • Бишкектен – 96 жумушчу (кызматкерлердин жалпы санынын 14%)
  • башка аймактардан – 202 кызматкер (28%)
  • Талас облусунан – 405 жумушчу (59%), анын ичинен Бекмолдо айылдык кеңешинен – 159 кызматкер (Талас облусундагы кызматкерлердин жалпы санынын 24%).

Ошондой эле белгилей кетсек, учурда Жерүйдө балык өстүрүү мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн суу ресурстарынын сапаты изилденип жатат. Талас районунун дарыяларында көп жылдардан бери биринчи жолу балык кайрадан өстүрүлүп баштамакчы.

Мындан тышкары окуңуз

“Түндүк” ачык акционердик коому жоюлуп, “Кызмат” мекемесине бириктирилди

“Түндүк” ачык акционердик коому жоюлуп, “Кызмат” мекемесине бириктирилди

Президент Садыр Жапаров “Түндүк” ачык акционердик коомун жоюуга байланыштуу жарлыкка кол койду.  Ага ылайык, компаниянын функциялары, милдеттери, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары “Кызмат” мамлекеттик мекемесине өткөрүлөт. Мындай чечим эки уюм аткарып келген окшош иштерди бириктирип, кайталанган функцияларды жоюу жана мамлекеттик санариптик системаларды башкарууну натыйжалуу кылуу максатында кабыл алынганы түшүндүрүлдү. Ошондой

Бишкек мэри жол куруу иштеринин темпин күчөтүүнү тапшырды

Бишкек мэри жол куруу иштеринин темпин күчөтүүнү тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шабдан Баатыр көчөсү (мурдагы Лев Толстой көчөсү) менен Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) кесилишинде курулуп жаткан жол түйүнүндөгү иштердин жүрүшүн текшерди. Учурда объектте жол өтмөктөрүнүн ригелдери орнотулуп, көпүрө курулмаларын куруу иштери уланууда. Мындан тышкары, шаар башчысы Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү

Сузакта шагыл жана кум өндүрүүчү ишкана текшерилди

Сузакта шагыл жана кум өндүрүүчү ишкана текшерилди

Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде айылында жайгашкан шагыл жана кум өндүрүүчү ишкананы текшерди. Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө адистер инерттүү материалдарды өндүрүү процессинин белгиленген талаптарга шайкештигин баалап, тастыктоо иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле сертификаттык сыноолорду өткөрүү үчүн өндүрүлгөн продукциядан үлгүлөр

Борбор калаада жаштарды 2D/3D долбоорлоого акысыз окутуу макулдашылды

Борбор калаада жаштарды 2D/3D долбоорлоого акысыз окутуу макулдашылды

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Талантбек Жекшенов Сеул эл аралык достук ассоциациясынын президенти Су Жу Ли жана "FabLab Bishkek" борборунун директору Джу Серена менен жолугушту. Аталган башкармалыктан билдиришкендей, жолугушууда тараптар кызматташуунун келечегин талкуулап, Бишкек шаарында иш издеп каттоодо турган жаштар үчүн санариптик технологиялар боюнча