«Алтын-Кен» ЖЧК мамлекетке дээрлик 150 млн сомдук зыян келтирген – УКМК

«Алтын-Кен» ЖЧК мамлекетке дээрлик 150 млн сомдук зыян келтирген – УКМК

УКМК Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жооптуу адамдары тарабынан тоо тектеринин калдыктарынын төлөмдөрүн азайтуу боюнча коррупциялык схемасын аныктаганын билдирди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан «Алтын-Кен» ЖЧК жана башка жооптуу адамдар менен сүйлөшүп алуу жолу аркылуу тоо тектеринин калдыктары үчүн мамлекеттик бюджетке төлөнүүчү төлөмдүн көлөмүн системалуу түрдө азайтып жүргөн Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын мурдагы директору А.К. айып коюлган.

«Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында жалпы суммасы 149 млн 585 миң сомдук зыян келтирилгени аныкталып, 2022-жылдын апрель айында «Алтын-Кен» ЖЧКсы тарабынан мамлекетке төлөнүп берилди», – деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Талды-Булак Сол жээк алтын кенин кыргыз-кытай «Алтын-Кен» компаниясы (40% «Кыргызалтынга», 60% кытайлык Superb Pacific Limited компаниясына таандык) иштетет.

Мындан тышкары окуңуз

“Түндүк” ачык акционердик коому жоюлуп, “Кызмат” мекемесине бириктирилди

“Түндүк” ачык акционердик коому жоюлуп, “Кызмат” мекемесине бириктирилди

Президент Садыр Жапаров “Түндүк” ачык акционердик коомун жоюуга байланыштуу жарлыкка кол койду.  Ага ылайык, компаниянын функциялары, милдеттери, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары “Кызмат” мамлекеттик мекемесине өткөрүлөт. Мындай чечим эки уюм аткарып келген окшош иштерди бириктирип, кайталанган функцияларды жоюу жана мамлекеттик санариптик системаларды башкарууну натыйжалуу кылуу максатында кабыл алынганы түшүндүрүлдү. Ошондой

Бишкек мэри жол куруу иштеринин темпин күчөтүүнү тапшырды

Бишкек мэри жол куруу иштеринин темпин күчөтүүнү тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шабдан Баатыр көчөсү (мурдагы Лев Толстой көчөсү) менен Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) кесилишинде курулуп жаткан жол түйүнүндөгү иштердин жүрүшүн текшерди. Учурда объектте жол өтмөктөрүнүн ригелдери орнотулуп, көпүрө курулмаларын куруу иштери уланууда. Мындан тышкары, шаар башчысы Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү

Сузакта шагыл жана кум өндүрүүчү ишкана текшерилди

Сузакта шагыл жана кум өндүрүүчү ишкана текшерилди

Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде айылында жайгашкан шагыл жана кум өндүрүүчү ишкананы текшерди. Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө адистер инерттүү материалдарды өндүрүү процессинин белгиленген талаптарга шайкештигин баалап, тастыктоо иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле сертификаттык сыноолорду өткөрүү үчүн өндүрүлгөн продукциядан үлгүлөр

Борбор калаада жаштарды 2D/3D долбоорлоого акысыз окутуу макулдашылды

Борбор калаада жаштарды 2D/3D долбоорлоого акысыз окутуу макулдашылды

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Талантбек Жекшенов Сеул эл аралык достук ассоциациясынын президенти Су Жу Ли жана "FabLab Bishkek" борборунун директору Джу Серена менен жолугушту. Аталган башкармалыктан билдиришкендей, жолугушууда тараптар кызматташуунун келечегин талкуулап, Бишкек шаарында иш издеп каттоодо турган жаштар үчүн санариптик технологиялар боюнча