Аудиттин жыйынтыгында Бишкек мэриясы 6.3 млрд сомду негизсиз сарптаганы маалым болду

Аудиттин жыйынтыгында Бишкек мэриясы 6.3 млрд сомду негизсиз сарптаганы маалым болду

КРнын Эсептөө палатасынын Кеңеши 2019-2020-жылдарга Бишкек шаарында жергиликтүү бюджеттин аткарылышына жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында 6 млрд 349 млн 525.3 миң сомдук каржы бузуулар болгонун аныктаган. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы билдирди.

Анын ичинде төмөндөгү каржылык бузуулар болгон:

  • товардык материалдык баалуулуктардын жетишпестиктери – 22 млн 165.4 миң сом
  • эмгек акыны негизсиз төлөө – 22 млн 556.7 миң сом
  • товардык-материалдык баалуулуктардын эсептен туура эмес чыгаруу – 107 млн 868.4 миң сом
  • курулуш иштеринин наркын жогорулатуу – 14 млн 447.0 миң сом
  • бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 350 млн 599.3 миң сом
  • бюджеттик ссудаларды, кредиттерди максатсыз пайдалануу – 19 млн 877.8 миң сом
  • эсептен жашырылган дебитордук жана ашырылган кредитордук карыздар – 2 млрд 383 млн 677.3 миң сом
  • жергиликтүү бюджеттерден башка деңгээлдеги бюджеттерге негизсиз бөлүнгөн каражаттар – 1 млрд 580 млн 130.5 миң сом.

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык Жер ресурстар башкармалыгынын 2019-жылдын 1-январына карата муниципалдык мүлктү ижарага берүүдөн келип чыккан (пайда болгон) 1 млрд 104.8 млн сомдук, жылдык отчетто чагылдырылбаган дебитордук карыздары шаардык бюджеттин кирешесин пландаштырууда жана бюджетти бекитүүдө эске алынган эмес жана болжолдуу пландын кирешесине кошулбаган. Натыйжада, бюджеттин киреше бөлүгү 1 млрд 104.8 млн сомго негизсиз төмөндөтүлгөн.

2019-жылдын январь-май айларында шаардык жергиликтүү бюджеттен Мэриянын жана ведомствого караштуу мекемелеринин кызматкерлерине жана жол киреге жана тамак-ашка деп 10 млн 715.9 миң сом чыгымдалган.

Мындан тышкары, 2019-жылдын май-декабрь айларында жергиликтүү бюджеттен кызматкерлерге өзгөчө маанилүү жана жооптуу иштерди аткарганы үчүн кызматкерлердин кызматтык маянасына эки айлык акы жана бир айлык акы өлчөмүндө ай сайын төлөнүүчү үстөктөргө 77 млн 7 миң сом чыгымдалган. Ал эми 2020-жылы бул багыттагы чыгымдар 286 млн 95.8 миң сомду түзгөн.

2019-2020-жылдары шаардын бюджетинен 88 млн. 888,6 миң сом (анын ичинен 22 млн 556.7 миң сом – КРнын Өкмөтүнүн токтомдорун бузуу менен) эмгектин зыяндуу шарттары үчүн төлөнүп берилген.

Аудиттин жүрүшүндө аныкталган айрым каржы бузуулар боюнча материалдар КРнын Башкы прокуратурасына укуктук баа берүү үчүн жиберилди.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудиттин объектисине аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө аларды болтурбоо жөнүндө жазма буйрук жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

“Түндүк” ачык акционердик коому жоюлуп, “Кызмат” мекемесине бириктирилди

“Түндүк” ачык акционердик коому жоюлуп, “Кызмат” мекемесине бириктирилди

Президент Садыр Жапаров “Түндүк” ачык акционердик коомун жоюуга байланыштуу жарлыкка кол койду.  Ага ылайык, компаниянын функциялары, милдеттери, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары “Кызмат” мамлекеттик мекемесине өткөрүлөт. Мындай чечим эки уюм аткарып келген окшош иштерди бириктирип, кайталанган функцияларды жоюу жана мамлекеттик санариптик системаларды башкарууну натыйжалуу кылуу максатында кабыл алынганы түшүндүрүлдү. Ошондой

Бишкек мэри жол куруу иштеринин темпин күчөтүүнү тапшырды

Бишкек мэри жол куруу иштеринин темпин күчөтүүнү тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шабдан Баатыр көчөсү (мурдагы Лев Толстой көчөсү) менен Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) кесилишинде курулуп жаткан жол түйүнүндөгү иштердин жүрүшүн текшерди. Учурда объектте жол өтмөктөрүнүн ригелдери орнотулуп, көпүрө курулмаларын куруу иштери уланууда. Мындан тышкары, шаар башчысы Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү

Сузакта шагыл жана кум өндүрүүчү ишкана текшерилди

Сузакта шагыл жана кум өндүрүүчү ишкана текшерилди

Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде айылында жайгашкан шагыл жана кум өндүрүүчү ишкананы текшерди. Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө адистер инерттүү материалдарды өндүрүү процессинин белгиленген талаптарга шайкештигин баалап, тастыктоо иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле сертификаттык сыноолорду өткөрүү үчүн өндүрүлгөн продукциядан үлгүлөр

Борбор калаада жаштарды 2D/3D долбоорлоого акысыз окутуу макулдашылды

Борбор калаада жаштарды 2D/3D долбоорлоого акысыз окутуу макулдашылды

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Талантбек Жекшенов Сеул эл аралык достук ассоциациясынын президенти Су Жу Ли жана "FabLab Bishkek" борборунун директору Джу Серена менен жолугушту. Аталган башкармалыктан билдиришкендей, жолугушууда тараптар кызматташуунун келечегин талкуулап, Бишкек шаарында иш издеп каттоодо турган жаштар үчүн санариптик технологиялар боюнча