Бизнес-класс менен учуу, сый акылар – Экономика министрлигинде дээрлик 1 млрд сом рационалдуу эмес колдонулган

Бизнес-класс менен учуу, сый акылар – Экономика министрлигинде дээрлик 1 млрд сом рационалдуу эмес колдонулган

КРнын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2019-2020-жылдарга Экономика жана коммерция министрлигинин ишине натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити тууралуу отчётту карап, бекитти.

«Аудиттин жүрүшүндө төмөнкүдөй каржы бузуулар аныкталды: 128.6 миң сомдук каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер болгон.

Аудиттин материалдарында көрсөтүлгөндөй, мурунку аудиттин сунуштарына карабастан, бизнес-класстагы авиабилеттерди сатып алууга, бюджеттик каражаттарды сарамжалсыз пайдаланууга жол берилген, бул эконом-класстын билетинин баасынан 152.8 миң сомго ашкан», – деп айтылат маалыматта.

Ведомствого караштуу Региондор аралык башкармалык мекемесинде «Эмгек акы» беренеси  боюнча чыгымдар сметасы менен төрт кызматкерге бир жолку сый акы жана материалдык жардам акча каражаттары негизсиз төлөнгөн.

Мындан тышкары, 2019-жылы – 581.2 миң сом жана 2020-жылы – 330.6 миң сом суммасында сый акылар негизсиз төлөнгөн.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудиттин объектисине аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө аларды болтурбоо жөнүндө сунуштамалар жөнөтүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

“Түндүк” ачык акционердик коому жоюлуп, “Кызмат” мекемесине бириктирилди

“Түндүк” ачык акционердик коому жоюлуп, “Кызмат” мекемесине бириктирилди

Президент Садыр Жапаров “Түндүк” ачык акционердик коомун жоюуга байланыштуу жарлыкка кол койду.  Ага ылайык, компаниянын функциялары, милдеттери, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары “Кызмат” мамлекеттик мекемесине өткөрүлөт. Мындай чечим эки уюм аткарып келген окшош иштерди бириктирип, кайталанган функцияларды жоюу жана мамлекеттик санариптик системаларды башкарууну натыйжалуу кылуу максатында кабыл алынганы түшүндүрүлдү. Ошондой

Бишкек мэри жол куруу иштеринин темпин күчөтүүнү тапшырды

Бишкек мэри жол куруу иштеринин темпин күчөтүүнү тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шабдан Баатыр көчөсү (мурдагы Лев Толстой көчөсү) менен Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) кесилишинде курулуп жаткан жол түйүнүндөгү иштердин жүрүшүн текшерди. Учурда объектте жол өтмөктөрүнүн ригелдери орнотулуп, көпүрө курулмаларын куруу иштери уланууда. Мындан тышкары, шаар башчысы Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү

Сузакта шагыл жана кум өндүрүүчү ишкана текшерилди

Сузакта шагыл жана кум өндүрүүчү ишкана текшерилди

Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде айылында жайгашкан шагыл жана кум өндүрүүчү ишкананы текшерди. Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө адистер инерттүү материалдарды өндүрүү процессинин белгиленген талаптарга шайкештигин баалап, тастыктоо иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле сертификаттык сыноолорду өткөрүү үчүн өндүрүлгөн продукциядан үлгүлөр

Борбор калаада жаштарды 2D/3D долбоорлоого акысыз окутуу макулдашылды

Борбор калаада жаштарды 2D/3D долбоорлоого акысыз окутуу макулдашылды

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Талантбек Жекшенов Сеул эл аралык достук ассоциациясынын президенти Су Жу Ли жана "FabLab Bishkek" борборунун директору Джу Серена менен жолугушту. Аталган башкармалыктан билдиришкендей, жолугушууда тараптар кызматташуунун келечегин талкуулап, Бишкек шаарында иш издеп каттоодо турган жаштар үчүн санариптик технологиялар боюнча