Айлык акыны көбөйткөндөн улам бюджеттен апрель айында 7.1 млрд сом сарпталды


Социалдык кызматкерлердин (билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, илим, маалымат жана социалдык кызматкерлер) эмгек акысынын жогорулашына байланыштуу 2022-жылдын апрель айына эмгек акыларды жана Соцфондго чегерүүлөрдү төлөө боюнча финансылык план 7190.7 млрд сом суммасында каралган.

Финансы министрлигинин берген маалыматына таянсак, министрликтерге төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн :

  • Билим берүү жана илим министрлигине 4 930.9 млрд сом
  • Маданият, маалымат жана спорт министрлиги 383 млн сом
  • Саламаттык сактоо министрлиги 183.3 млн сом жана ММК фонду 1265.1 млрд сом
  • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 125.4 млн сом.

Социалдык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулаганга чейин 2022-жылдын январь-март айларында орточо айлык муктаждыгы 3 566.7 млрд сом болсо, апрель айында бул 2 эсеге өскөн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нарын районунда 150 орундуу мектептин курулушу 95%га жетти

Кыргызстанда кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү 1,4 трлн сомдон ашты

Өлкөдө эт 17,3%, сүт азыктары 13% кымбаттады

Кыргызстанга Түркмөнбашы эл аралык деңиз портун пайдаланууда жеңилдиктер болору айтылды

Өлкөдө бензин 17,6%, дизель 24% кымбаттады