Өлкөдө бензин 17,6%, дизель 24% кымбаттады

Өлкөдө бензин 17,6%, дизель 24% кымбаттады

Кыргызстанда азык-түлүк эмес товарлардын баасы 7,6%га жогорулады. Анын ичинде кийим-кече жана бут кийим 6,3%га, үй тиричилик буюмдары жана техникалары 8,2%га кымбаттаган. Бул тууралуу Экономика министрлигинен маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, баалардын өсүшүнө күзгү-кышкы сезонго даярдык, товарларга болгон суроо-талаптын көбөйүшү жана импорттук жеткирүүлөрдүн кымбатташы таасир эткен.

Ошондой эле Кытайдан, Түркиядан жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген товарлардын транспорттук чыгымдары, соода түйүндөрүнүн ижара акысы жана коммуналдык төлөмдөрдүн өсүшү да бааларга кошумча басым жараткан.

Турак жай кызмат көрсөтүүлөрүнө, сууга, электр энергиясына, газга жана отундун башка түрлөрүнө болгон баалар 7,2%га өскөн. Буга электр энергиясынын тарифтеринин өзгөрүшү, суу, газ жана ысык суу кызматтарынын кымбатташы, ошондой эле жылытуу мезгилине байланыштуу чыгымдардын көбөйүшү себеп болгон. Ал эми көмүр менен отундун баасы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу төмөндөп, жалпы өсүштү бир аз кармаган.
Күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы 15,7%га жогорулаган. Анын ичинде бензин 17,6%га, дизель майы 24%га кымбаттаган.

Мунун негизги себептери - Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордун дүң бааларынын өсүшү жана күйүүчү майды темир жол аркылуу ташуу чыгымдарынын көбөйүшү. Мындан тышкары, күзгү талаа жумуштары, айыл чарба продукцияларын ташуу жана көмүр жеткирүү дизель майына болгон суроо-талапты жогорулаткан.

Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кымбатташына импорттук чыгымдар, коммуналдык тарифтердин өзгөрүшү жана сезондук суроо-талап негизги таасирин тийгизгени кошумчаланат маалыматта.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жалал-Абадда 64 жаранга мыйзамсыз пенсия чегерилгени аныкталды

Кыргызстанда бизнес үчүн этикалык кодекс киргизилет

Өлкөдө 453 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү

Бишкек мэриясы жарнамаларда кыргыз тилинин талаптары сакталышы керектигин эскертет

Кыргызстанда акы төлөнүүчү кызматтар 12,2%га кымбаттады