КРнын Россиядагы элчиси «Россия темир жолунун» өкүлү менен темир жол каттамын жандандыруу маселесин талкуулады

КРнын Россиядагы элчиси «Россия темир жолунун» өкүлү менен темир жол каттамын жандандыруу маселесин талкуулады

КРнын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат «Россия темир жолу» ААКнын Башкы директорунун орун басары Вячеслав Павловский менен жолукканын элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда КРнын жарандарынын кургактык транспорту менен жүрүүгө болгон жогорку муктаждыгы эске алынып, КР менен РФ ортосунда темир жол транспорту менен үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдү ташууну калыбына келтирүү талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун биринчи отурумунун жыйынтыгында Казакстандын аймагы аркылуу ПЧР методу менен COVID-19га карата тесттин терс жыйынтыгы камтылган маалымдаманын негизинде Кыргызстан менен Россиянын ортосунда темир жол менен үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдү ташууда транзиттик өтүүнү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жетишилген келишимди белгилеп өттү.

«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында КР менен РФнын ортосунда темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну тезинен баштоого «Россия темир жолу» ААКсынын оң позициясы жана кызыкчылыгы билдирилди», – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Economist.kg маалымдагандай, «Кыргыз Темир жолу» МИнин директору Бишкек – Москва каттамы 2023-жылга чейин болбой турганын билдирген болчу.

«Казакстан уруксат берди, бирок Россиядагы негизги штаб уруксат бербей жатат. 5-апрелде биздин кызматкерлер жүргүнчүлөрдү ташуу маселеси боюнча Москвага барып келишти. Бирок Москванын темир жол айланма жолун ремонт кылып жатышат экен, андыктан Бишкектен Самара, Казань, Новосибирскке чейинки жолду уруксат берип жатышат», – деген эле ал.

Мындан тышкары окуңуз

Борбор калаада жаштарды 2D/3D долбоорлоого акысыз окутуу макулдашылды

Борбор калаада жаштарды 2D/3D долбоорлоого акысыз окутуу макулдашылды

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Талантбек Жекшенов Сеул эл аралык достук ассоциациясынын президенти Су Жу Ли жана "FabLab Bishkek" борборунун директору Джу Серена менен жолугушту. Аталган башкармалыктан билдиришкендей, жолугушууда тараптар кызматташуунун келечегин талкуулап, Бишкек шаарында иш издеп каттоодо турган жаштар үчүн санариптик технологиялар боюнча

Коопсуздук талаптарын аткарбаган объектинин курулушу токтотулду

Коопсуздук талаптарын аткарбаган объектинин курулушу токтотулду

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан Моминов көчөсүндө курулуп жаткан 5 кабаттуу кеңсе имаратына кайрадан текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Текшерүүдө объектте курулуш ченемдери жана техникалык коопсуздук талаптары бузулганы аныкталды. Тактап айтканда, имараттын жогорку кабаттарында коргоочу тосмолордун жоктугу аныкталып, жакын жайгашкан турак

“Кыргыз-Ата” жаратылыш паркында дрондор аркылуу көзөмөл жүргүзүлүүдө

“Кыргыз-Ата” жаратылыш паркында дрондор аркылуу көзөмөл жүргүзүлүүдө

Оштогу “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркында атайын дрондордун жардамы менен абадан көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер таштандыларды тушкелди таштоого жол бербөө, өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө жана мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу максатын көздөйт. Министрликтин Ош регионалдык

Манас шаарындагы бир катар объектилер текшерилди

Манас шаарындагы бир катар объектилер текшерилди

Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев менен биргеликте шаардагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Манас шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жетекчилер алгач Балдар чыгармачылык борбору жана Жаштар борборунун абалын көрүп, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мындан тышкары, мурдагы темир жолдун ордуна